Коомдук Кеңеш

    Кыргыз Республикасынын "Мамлекеттик органдарда коомдук кеңештер жөнүндө" Мыйзамына ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Жергиликтүү өз алдынча башкаруу иштери жана этностор аралык мамилелер боюнча мамлекеттик агенттигинде (мындан ары - Агенттик) коомдук кеңеши эки жылга түзүлгөн. 

   Түзүлгөн коомдук кеңеш жогоруда белгиленген Мыйзамдын негизинде иш алып барат. Агенттиктин директорунун буйругуна ылайык Агенттиктин статс-катчысы Коомдук кеңештеги өкүл болуп бекитилген жана өз ара кызматашууну ишке ашырат.

      Агенттиктин коомдук кеңеши коллегияга, мамлекеттик сатып алуулардын өткөрүлүшүнө жана административдик бош кызмат орундарына сынактарды өткөрүү комиссияларынын ишине катышат.

     Жарандык Коом менен өз ара кызматташууну ыкчам ишке ашыруу максатында Агенттиктин ведомстволук сайты, коомдук кабылдама жана ишеним телефону иштейт. 

2017-2018-жылдар аралыгында Агенттиктин коомдук кеңеши тарабынан 13  отурум өткөрүлгөн. Отурумдарда жогоруда белгиленген Мыйзамдын алкагында маселелер каралган.

 

 

 

 

 

 

 

Вверх