Накен Накен Касиев: “Өз алдынча башкаруу өзүн-өзү башкарууга айланбашы керек”

Жергиликтүү өз алдынча башкаруу иштери жана улуттар аралык мамилелер боюнча мамлекеттик агенттик ушул жылдын март айында түзүлгөн. Анда агенттиктин жогоруда айтылган эки багытта иш алып баруусу чындыгында мезгилдин талабы эле. Мекеме түзүлөөрү менен жетекчилик кызматка аталган эки тармакты жакшы түшүнүп билген коомдук жана мамлекеттик ишмер Накен Касиев дайындалган. Андыктан, аталышы жана мааниси терең бул агенттиктин аз убакыттагы ишмердүүлүгү туурасында Накен Касиевич менен маек курууну чечтик.

- Накен Касиевич, агенттиктин түзүлгөнүнө аз убакыт болгону менен алган багыты өтө маанилүү. Биринчи багыт жергиликтүү өз алдынча башкаруу иштери боюнча, ал эми экинчиси, улут аралык мамилелерди чыңдоого негизделген. Андыктан, алгач биринчи маселе боюнча сүйлөшсөк. Акыркы жылдары реформага тушугуп жаткан жергиликтүү өз алдынча башкаруу тутумунун иши азыр кандай жүрүп жатат?

- Жергиликтүү өз алдынча башкаруу тутуму негизделип, мурунку селсоветтердин ордуна айыл өкмөттөрүн түзүп алгандан бери 20 жылдай убакыт өттү. Ушул аралыкта тутумда өзгөрүүлөр, реформалар болду. Биздин агенттиктин негизги милдети – ушул күнгө чейин түптөлгөн тутумдун ишин жакшыртуу, ишти улантуу. Алсак, өтүп бара жаткан аптада биз жергиликтүү өз алдынча башкаруунун стратегиясын Жогорку Кеңештин депутаттары менен талкуулап, акыркы вариантын жумушчу топко өткөрүп бердик. Бул стратегия 2017-жылга чейин деп белгиленгендиктен аны биринчи иретте региондордо талкуулаганбыз. Төрт жылга алган багыт, кээ бир мыйзамдарды өзгөртүү, анын ичинде өз алдынча башкаруу менен мамлекеттик уюмдардын ортосундагы алака, жергиликтүү өз алдынча башкаруу тутумунун айылдагы калкка сапаттуу кызмат өтөөсү стратегиянын өзөгүн түзгөн маселелер болду. Андан тышкары азыр биздин чек арадагы 60тан ашуун айылда көп маселелерге байланышкан чырлар чыгып турат. Агенттик ушул иштерге да көңүл буруп, чектеш аймактардагы жол курулушу, иче турган суу жана башка маселелер боюнча айыл өкмөттөр менен түшүндүрүү иштерин, окутууларды жүргүзүү менен алектенди.

- Жергиликтүү башкаруу тутумунда акыркы жылдары реформалар жүрүп, бир топ аталыштар өзгөрүп кетти. Мисалы, губернатор Өкмөттүн өкүлү болуп калды дегендей. Ушундай атоолор, реформалар натыйжа берип жатабы?

- 2010-жылы жаңы Конституция кабыл албадыкпы. Биз ошол мыйзамдын негизинде гана иш жүргүзүшүбүз керек. Мисалы, Конституцияга ылайык облустар жоюлуп, аймак аталышына ээ болгону турат. Анткен менен облустардын территориясын сактап калуу боюнча сунуштар айтылууда. Бизге коңшу мамлекеттерде облус деген макам сакталган. Алар менен биз бир чөлкөмдө жашагандыктан сүйлөшүүлөр жүргөн чакта бизге да келечекте облус деген макам керек болуп калышы мүмкүн. Ошондуктан, атын өзгөрткөндө өтө кылдат болушубуз зарыл. Бирок, канткенде да биз мыйзамды аткарышыбыз керек.

- Реформалардын негизинде айыл өкмөттөрүнө маани берилип, райондук акимчиликтердин ыйгарым укуктары чектелип калды. Ушул туурабы?

- Жергиликтүү өз алдынча башкаруу да өзүнчө бийлик да. Бул боюнча атайын мыйзам кабыл алынган. Өз алдынча бийлик деп буларга борбордон четтетүү боюнча ыйгарым укуктар да берилди. Бирок, бул мамлекеттик бийлик менен өз алдынча башкаруу тутумунун ортосунда эч кандай карама-каршылык жаратпашы керек. Кандай болгон күндө да, ийкемдүү башкаруу болмоюнча жакшы натыйжа болбойт. Азыр кээ бир ыйгарым укуктарды күчөтүү каралууда. Себеби, ошол тике бийликке күч берүү керек болуп жатат. Чын эле учурда акимдерде бюджет деген жок. Бекитүү, иштен бошотуу укугунан да ажырап калышкан. Анткен менен районго жоопкер адам аким бойдон кала берди да. Ошондуктан, Өкмөт туура сунуш киргизип жатат. Райондогу жетекчилерди аким өзү шайласын, өзү бекитип, бошотсун жана айыл өкмөттөрдүн ишин тескөө жагы да каралсын деген сунуш менимче, туура сунуш. Ошол эле кезекте борбордон четтетүү алар үчүн өзүн өзүм билемдикке айланып кетпеши керектигин эске алып жатабыз. Өз алдынча башкаруу өзүн-өзү башкарууга айланбашы зарыл.

-Жергиликтүү өз алдынча башкарууда болуштуктар пайда болот деген сөздөр айтылып калды эле. Чын эле ошондой аталыштар пайда болобу?

- Тарыхта Болуш башкаруу тутумуна байланышкан макам болгон. Бул кыргыздардын тарыхый сөзү. Бирок, биз азыр башка коомдо, кылымда жашап жатабыз. Баары мыйзамга ылайык болушу талап. Ошондой болсо да кандай пикир болбосун ал айтылып, талкууланганга укугу бар. Пикирди угуп коюш керек.

-Агенттик алган экинчи багыт өлкөдө жашаган улуттар аралык мамилелерге байланыштуу. Ушул маселе боюнча абалыбыз кандай болууда?

- Жакынкы аралыкта ушул маселелерди ишке ашырууга Өкмөт элдин биримдигин жана этностор аралык мамилелерди чыңдоо Концепциясын аткарууга 204 миллион сомдук каражат карап, бөлүп берди. Андан тышкары, биз эл аралык уюмдар менен биргеликте иш алып барып жатабыз. ПРООНдун Тынчтыкты куруу фондунан жардам күтүп жатабыз. Жакынкы 4 жылга стратегияны ишке ашырууга аракетибиз бар. Агенттик улут аралык маселелер боюнча түштүк региондордо коомдук кабылдамаларды да ачты. 2 эксперттик жана коомдук комиссияларды түздүк. Улут аралык маселе боюнча жана экинчиси, өз алдынча башкаруу боюнча эксперттик кеңеш. Иш ушундай багытта жүрүп жатат.

-Улут аралык мамилелерди чыңдоодо эң негизги нерсе эмне?

- Бир тууган элдердин бири-бирине болгон ишенимдүүлүгү, айкөлдүгү, толеранттуулугу бекем болсо жакшы. Айрыкча кыргыз эли айкөлдүгүн көрсөтүп турса, биз миңдеген жылдар чогуу жашап, дагы да миңдеген жылдар чогуу жашай беребиз. Эгер тарыхка кайрылсак, өлкөдө жашаган улуттар бир туугандай эле болуп, бири-бирине жуурулушуп кеткен. Канчалаган ата-бабаларыбыздын сөөктөрү мазарда жатат. Куда-сөөк болуп кеткендери канча.

-Агенттикти түзүү идеясы 2010-жылдагы Ош окуясынан кийин чыккандыгы жашыруун сыр эмес. Андыктан, сиз жетектеген мекеме Ош шаарында кандай иштерди жүргүзүп, кандай натыйжага жеттиңиздер?

- Мамилелерди чыңдоо боюнча бир топ иштер жасалып, азыр абал мурункуга караганда кыйла өзгөрдү. Анткен менен тиричиликте карама-каршылыктар болуп калат. Бирок, ага улут аралык чатактын боёгун бербешибиз керек. Чатактар кыргыз менен кыргыздын, өзбек менен өзбектин деле ортосунда болуп жатат. Ошентсе да Кыргызстанда 143төн ашык чатагыраак жерлер бар, анын көбүрөөгү түштүктө. Алар менен агенттик иш алып барып, аталган санды кыскартууга аракет көрүп жатат.

- Ошондой аймактарга көп барып турасызбы?

- Жакында түштүктөн келдим. 20-октябрда да Кадамжай районунун Үч-Коргон айыл өкмөтүндө Тажик диаспорасынын 20 жылдыгы болот, ал иш-чарага барып катышып келүүгө ниеттенип жатам. Негизинен мен түштүк жергесине барганды жакшы көрөм. Түштүккө барсам ден соолугум да жакшыргандай болуп калат.

-Улут аралык мамилелерди чыңдоодо аксакалдарды маанилүү фактор катары колдонушат. Сиз да аларга жардамга кайрыласызбы?

-Тарыхта аксакалдардын мааниси, орду өзгөчө болгон. Бирок, акыркы жылдары аксакалдар “дежур чалдарга” айланды дешип алардын сөзүнө көңүл бөлбөгөндөр да чыгууда. Бирок, Азия чөлкөмүндө жашаган элдерде аксакалдардын ролу чоң. Менталитет деген нерсе бар эмеспи. Ошондуктан аксакалдарды чыр-чатактарда сөзсүз жакшы жагынан колдонобуз. Алардын акыл-насаатын угуп, канчалаган элдешүүлөр болгон.

-Өлкөдө кудайга шүгүр, улуттар аралык маселе жакшы болгону менен убак-убагы менен митингдерден кем болбой жатабыз. Бул чатактардын боло бериши улут аралык мамилелерге кандай таасир тийгизет?

-Быйылкы жылы эле 300гө жакын митингдер болуп кетти деп айтып жатышат. Мунун баары улут аралык мамилелерге жакшы таасирин тийгизбейт. Өлкөдө тынчтык болбосо өнүгүп-өсүү кыйын. Жыйырма жылдан бери саясатта жүргөн адам катары, айрым митингдер кресло, орун талашууга багытталып жатканын байкайм. Жөнөкөй эл бул жерде курал болуп калууда. Мына ушул маселеде да өз ара да түшүнүшүү эң маанилүү нерсе. Улут аралык болобу, кыргыз элинин ичинде болобу түшүнүшүү болсо жакшы. Бардык иш-аракеттерди терең түшүнгөндөн кийин гана баа берүү зарыл.

Маектешкен
Жазгүл КЕНЖЕТАЕВА

Жума, 25 - октябрь, 2013 ж. 11:04:48

Жарыялоолордун тизмеси кайра баруу
Вверх