Кореялык «Жаңы айыл кыймылы” долбоору эми Кыргызстанда

Кореялык «Жаңы айыл кыймылы”  долбоору эми Кыргызстанда

«Жаңы айыл” кыймылы Түштүк Кореяда 1969-жылы түзүлүп, Улуттук программа катары бекитилген. Анын негизги мазмуну – жергиликтүү жамааттар өз айылынын инфраструктурасын, социалдык-экономикалык абалын жакшыртуу үчүн биригип, мамлекеттин жардамы менен аракеттенүүдө турат. Кыргыз элинде кеңири тараган “Ашар” кыймылы менен окшоштук жактары бар. Долбоор Кореяда жаңыдан жайылтылып баштаганда аталган өлкө калкынын үчтөн экиси айылда жашаган, артта калган агрардык мамлекет болчу. Долбоордун алкагында мамлекеттин азыраак көмөгү менен сугат системалары,  коомдук имараттар оңдолуп. жолдор салынып башталган. Анын натыйжасында калктын курулуш материалдарына, айыл чарба машиналарына, турмуш-тиричилик техникаларына болгон суроо-талабын кескин өскөн. Бул болсо өнөр-жайдын жана айыл чарбасынын тез арада өнүгүшүнө стимул болгон. Ошентип “Сэмаыль Ундон” өлкөнү модернизациялоонун жана экономикалык секириктин локомотиви болуп калган.

Ошондой эле, долбоор адамдын аң-сезимин жана ой-жүгүртүүсүн өзгөртүү, өзүнүн коомдогу маанилүү ордун сезүү идеясын көздөйт. Көздөгөн максатка жетүү үчүн “Сэмаыль Ундон” негизги үч принципти тандап алган: катуу эмгек, өз ара жардамдашуу жана ынтымак.

Бүгүнкү күндө дүйнөнүн көптөгөн мамлекеттеринде бул кыймыл активдүү иш алып барып келет. Ошондой эле, долбоор БУУ жана башка бир топ эл аралык уюмдар тарабынан өнүгүүнүн мыкты тажрыйбасы катары таанылган.

Кыргызстанда “Жаңы айыл кыймылы” долбоорун жайылтуу аракеттери 2010-жылы башталган. Активдүү жарандар Кореяга барып, семинарга катышып, долбоор менен кеңири таанышып келишкен жана “Сэмаыль Ундон” Борбору Кыргызстанда”  Коомдук фондун түзүшкөн.

Сокулук районундагы Манас айылы, Бишкек шаарынын Биринчи май районундагы Көлмө конушу жана Бишкек шаарынын №1 мектебинде бир топ иштер жүргүзүлгөн. Корея тараптын жардамы менен Сокулук районунун Ат-башы айыл өкмөтү инфраструктураны жакшыртууга суммасы 5800 америкалык доллар турган  керектүү буюмдарды (оборудование) алган.

Андан ары. “Жаңы айыл кыймылы” долбоорун кеңири жайылтуу максатында Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппарат жетекчисинин 2014-жылдын 17-декабрындагы 262 сандуу буйругу менен аталган кыймылдын тажрыйбасын иликтөө боюнча жумушчу топ түзүлгөн. Бул топ кыймылдын тарыхын, иштөө принциптерин терең изилдеп көрүп, төмөнкүдөй сунуштарды берген:

  1. Пилоттук айылдарын санын көбөйтүү;
  2. “Аталган кыймылдын тажрыйбасын колдонуу менен “Менин айылым” улуттук программасын иштеп чыгуу;
  3. Бул багыттагы иштерди алып баруу, координациялоо боюнча жооптуу мамлекеттик органды аныктоо ж.б.

Көрсөтүлгөн сунуштар колдоого алынып, 2015-жылы Агенттик тарабынан 48 пилоттук айыл тандалып алынып, лидерлери шайланган болчу. Алардын ичинен 14 лидер былтыркы жылы Кореяда семинарга катышып, окуудан өтүп келишкен жана бүгүнкү күндө жер-жерлерде долбоордун алкагында бир топ иш алып барып жатышат.

Ал эми 2016-жылдын 2-февралында Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппарат жетекчисинин №9-буйругу менен “Жаңы айыл кыймылы” долбоору боюнча жумушчу топтун жаңы курамы түзүлүп, анын жетекчиси болуп Агенттиктин директору дайындалган. Буга кошумча, Агенттикти “Жаңы айыл кыймылы” долбоорун жайылтуу боюнча ыйгарым укуктуу орган катары бекитүү тууралуу Кыргыз Республикасынын Премьер-министринин буйругунун долбоору даярдалып, кароого киргизилди.

Көз карандысыздыктын алгачкы жылдары “Ашар” кыймылынын жасаган алгылыктуу иштерин эске алуу менен, “Жаңы айыл кыймылы” долбоору Кыргызстан үчүн өтө ылайыктуу деп айтууга негиз бар.

Жарыялоолордун тизмеси кайра баруу
Вверх