Жаңылыктар

19.02.2018

Коомдук кабылдамалардын катчыларынын курамы жаңыланды

2018-жылдын 16-февралында Агенттиктин жыйындар залында Агенттиктин директору Б.У.Салиевдин төрагалыгында Чүй облусунун Москва, Сокулук, Аламүдүн, Ысык-Ата полиэтникалык райондорунун жана Токмок шаарынын, ошондой эле Ысык-Көл облусунун  Каракол шаарынын этностор аралык маселелер боюнча жаңы дайындалган жооптуу катчылары менен жумушчу жыйыны өттү. Жыйында учурдагы абалды талдоо менен жер-жерлердеги этностор аралык мамилелерди жана диний кырдаалды баалоо,  “Кыргыз жараны” -жарандык интеграцияны өнүктүрүү концепциясы боюнча аткарылуучу иштер кенен талкууланып, баалуу сунуштар, ой-пикирлер айтылды жана  2018-жылга карата жаңы милдеттер белгиленди

19.02.2018

Жергиликтүү өз алдынча башкарууну өнүктүрүү маселеси ведомстволор аралык комиссияда каралды

​​​​​​​2018-жылдын 17-февралында  Кыргыз Республикасынын         Өкмөтүнүн үйүндө Кыргыз Республикасынын Вице-премьер-министри, Ведомстволор аралык комиссиянын төрагасы Д.А.Кенекеевдин төрагалыгы менен Кыргыз Республикасында жергиликтүү өзалдынча башкарууну өнүктүрүүнүн 2013-2017-жылдарга карата программасын ишке ашыруу боюнча Ведомстволор аралык комиссиянын кезектеги отуруму өткөрүлдү.

Агенттиктин 2017-жылды жыйынтыктоо кезектеги коллегиясы болуп өттү!
31.01.2018

Агенттиктин 2017-жылды жыйынтыктоо кезектеги коллегиясы болуп өттү!

​​​​​​​Мамлекеттик агенттиги өз ишмердүүлүгүн 2013-2017-жылдардын мезгилине Кыргыз Республикасынын Туруктуу Өнүктүрүүнүн Улуттук Стратегиясында, Жергиликтүү өз алдынча башкарууну өнүктүрүүнүн 2013-2017-жылдарга карата Программасында, Кыргыз Республикасында элдин биримдигин жана этностор аралык мамилелерди чыңдоо Концепциясында, Административдик-аймактык реформанын Концепциясында, Коррупцияга каршы туруунун мамлекеттик стратегиясында, “2013-2016-жылдарга Айрым өзгөчө статуска ээ болгон чек-ара аймактарынын социалдык-экономикалык өнүгүүсүн жана коопсуздугун камсыздоо боюнча мамлекеттик Программасында, Кыргыз Республикасынын Президентинин жарлыктарында жана Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн токтомдорунда мамлекеттик агенттикке жүктөлгөн милдеттерди ишке ашыруу боюнча иш-чараларды камтып, Агенттиктин 2017-жылга түзүлгөн Комплекстүү иш-планына ылайык жүргүздү.

30.01.2018

Агенттиктин 2017-жылды жыйынтыктоо жана 2018-жылга карата милдеттерди аныктоо боюнча Коллегиясы өтөт

Мамлекеттик агенттиги өз ишмердүүлүгүн 2013-2017-жылдардын мезгилине Кыргыз Республикасынын Туруктуу Өнүктүрүүнүн Улуттук Стратегиясында, Жергиликтүү өз алдынча башкарууну өнүктүрүүнүн 2013-2017-жылдарга карата Программасында, Элдин биримдигин жана этностор аралык мамилелерди чыңдоо Концепциясында, Административдик-аймактык реформанын Концепциясында, Коррупцияга каршы туруунун мамлекеттик стратегиясында, “2013-2016-жылдарга Айрым өзгөчө статуска ээ болгон чек-ара аймактарынын социалдык-экономикалык өнүгүүсүн жана коопсуздугун камсыздоо боюнча мамлекеттик Программасында, Кыргыз Республикасынын Президентинин жарлыктарында жана Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн токтомдорунда мамлекеттик агенттикке жүктөлгөн милдеттерди ишке ашыруу боюнча иш-чараларды камтып, Агенттиктин 2017-жылга түзүлгөн Комплекстүү иш-планына ылайык жүргүздү.

Кыргыз Республикасынын Президенти С. Жээнбеков Агенттиктин директору Б. Салиевди кабыл алды
24.01.2018

Кыргыз Республикасынын Президенти С. Жээнбеков Агенттиктин директору Б. Салиевди кабыл алды

Президент Сооронбай Жээнбеков бүгүн Кыргыз Республикасынын Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жана этностор аралык мамилелер боюнча мамлекеттик агенттиктин директору Бахтияр Салиевди кабыл алды.<br /> <br /> Жолугушууда Кыргыз Республикасынын Президентинин “2018-жылды региондорду өнүктүрүү жылы деп жарыялоо жөнүндө” Жарлыгынын алкагында жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарын өнүктүрүү жана колдоо маселеси талкууланды.

23.01.2018

Нарын жана Ош облустарынын элеттик муниципалитеттери кайсы көйгөйлөрдү биринчи кезекте чечиш керектигин чогулушта тандап алышууда

2018-жылдын 16-27-январь күндөрү Нарын жана Ош облустарынын кээ бир муниципалитеттеринде жашоочулар жергиликтүү бюджеттин каражаттарын эмнелерге сарпташарын чечишет. Бул муниципалитеттер Швейцариянын өнүктүрүү жана кызматташтык агенттиги (SDC) аркылуу Швейцария Өкмөтү каржылаган жана Өнүктүрүү саясат институту аткарган “Элдин үнү жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын жоопкерчилиги: бюджеттик процесс”[1] Долбоорунун (мындан ары – Долбоор) өнөктөштөрү болуп саналышат. жергиликтүү өз алдынча башкаруу (ЖӨБ) органдары калктын өзгөчө артыкчылыктуу көйгөйлөрүн чечүүгө багытталган долбоорлорду тандап алуу боюнча айылдык чогулуштарды[2] өткөрүшөт.

Региондорду өнүктүрүү жылында аткарыла турган иштер жөнүндө
12.01.2018

Региондорду өнүктүрүү жылында аткарыла турган иштер жөнүндө

"2018-жыл Региондорду өнүктүрүү жылы" деп аталды. Мындай Жарлыкка өлкө президенти Сооронбай Жээнбеков кол койду. Учурда аймактардын жолдорун оңдоо иштери жүрүп, электр тармактары, реконструкцияланып жатат. Ошол эле санитардык медициналык биринчи жардамдарды көрсөтүү боюнча иштер жолго коюлган, көп болбосо да жаңы курулган социалдык объектилер пайда болууда. Бирок дагы деле ар бир айылды таза суу менен камсыз кылуу милдети бар. Калктын маалымат алуусу, анын ичинде санариптик телекөрсөтүү жана интернет аркылуу маалымат алуу жагдайлар жакшырышы абзел. 

Президент Сооронбай Жээнбеков 2018-жылды Региондорду өнүктүрүү жылы деп жарыялоо жөнүндө Жарлыкка кол койду
10.01.2018

Президент Сооронбай Жээнбеков 2018-жылды Региондорду өнүктүрүү жылы деп жарыялоо жөнүндө Жарлыкка кол койду

Жарлыктын тексти:<br />  Кыргыз Республикасын стратегиялык өнүктүрүүнүн узак мөөнөттүү максаттарына жетишүү биринчи кезекте бүтүндөй өлкөнүн аймагында жарандардын жашоо-турмушун жакшыртуу менен тыгыз байланышкан.

Урматтуу жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын кызматкерлери!
30.12.2017

Урматтуу жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын кызматкерлери!

Сиздерди келе жаткан жаӊы 2018-жылыӊыздар менен куттуктайм! Өтүп бара жаткан жылыбыз жергиликтүү өз алдынча башкаруу тармагында жана ошондой эле элдин биримдигин чыӊдоо жаатында жемиштүү жылдардан болду десек жаӊылышпайм.

Вверх