Жаңылыктар

30.08.2017

Татыктуулар сыйланды

Агенттиктин директору Б.У. Салиев Кыргыз Республикасынын эгемендүүлүгүнүн 26 жылдык майрамына байланыштуу алдыңкы муниципалдык кызматкерлерди ведомстволук сыйлык менен сыйлады.

07.08.2017

Шайлоого катышууда калктын тизмеден өздөрүн тактоо жолдору

Калктын шайлоо тизмесинен өздөрүн тактоо жана биометрикалык маалыматтарын тапшыргандыгы жөнүндо маалыматты тактоо

28.07.2017

Агенттиктеги кадрдык өзгөрүүлөр!

Агенттикте бир катар бош орундарга ачык сынактын негизинде кадрдык өзгөрүүлөр болду.

22.06.2017

КУТТУКТОО!

“Мамлекеттик жарандык кызматкерлердин жана муниципалдык кызматкерлердин күнүнө” <br /> карата куттуктоо<br /> Урматтуу кесиптештер!<br /> Сиздерди кесиптик майрамыңыздар менен кызуу куттуктап, Сиздерге бакубат турмушту, чың ден-соолукту каалап ишиңиздерде албан-албан ийгиликтерди мындан ары дагы жарата берүүңүздөргө тилектештигимди чын дилимден билдиремин.

19.06.2017

Кадрдык өзгөрүүлөр

Агенттиктин бош кызмат орунларына жарыяланган ачык сынактын негизинде кадрдык өзгөрүүлөр болду.

09.06.2017

Жергиликтүү өз алдынча башкаруу Союзунун жыйыны болуп өттү

2017-жылдын 9-июнунда Бишкек шаарында Кыргыз Республикасынын Жергиликтүү өз алдынча башкаруулардын Союзунун республика боюнча 40 райондон, Бишкек, Ош шаарларынан жана 12 облустук деңгээлдеги шаарлардан келген өкүлдөрдүн катышуусунда Жалпы жыйыны болуп өттү.

28.04.2017

Жалал-Абад жана Ысык-Көл облустарынын муниципалитеттери Швейцариянын колдоосу менен жарандардын турмуш шартын оңдошот

2017-жылдын 26-апрелинде Бишкекте жалпы суммасы 43 миллиондон ашык сомго грант алууга сертификаттарды тапшыруу аземи өттү. Кызмат көрсөтүүлөрдү жакшыртууга багытталган сертификаттарды Жалал-Абад жана Ысык-Көл облустарындагы 13 муниципалитет алды.

24.04.2017

Чүй облусундагы 15 айылдык аймак жергиликтүү маанидеги маселелерди чечүүгө Швейцария өкмөтүнөн гранттарды алышат

Гранттык жардамды алууга конкурс Чүй облусундагы бардык муниципалитеттердин арасында жарыяланып, 2016-жылдын 12-декабрынан 2017-жылдын 27-мартына чейин өткөн. Конкурсту Швейцария Өкмөтү каржылаган жана Өнүктүрүү саясат институту аткарган “Элдин үнү жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын жоопкерчилиги: бюджеттик процесс” Долбоору (мындан ары – Долбоор) уюштурган.

21.04.2017

ЫСЫК-КӨЛ ЖАНА ЖАЛАЛ-АБАД ОБЛУСТАРЫНДАГЫ 12 МУНИЦИПАЛИТЕТ КЫЗМАТ КӨРСӨТҮҮЛӨРДҮ ЖАКШЫРТУУГА 43 МЛН СОМДОН АШЫК КӨЛӨМДӨ ГРАНТ АЛЫШАТ

2017-жылдын апрель айында Швейцариянын Кыргыз Республикасындагы Элчилиги каржылаган “Жергиликтүү деңгээлде кызмат көрсөтүүлөрдү жакшыртуу” долбоорунун (PSI) алкагында кызмат көрсөтүүлөрдү жакшыртууга грантка өтүнмөлөр боюнча жеңүүчүлөр тандалып алынды. Гранттардын жалпы суммасы 43 млн. сомдон ашык болду. Ушуну менен бирге ЖӨБ органдарынын жана калктын өз салымы 10% болуш керек деген талаптын өзүндө алардын салымы 50% түздү (22 млн. сом). Бул болсо тандалып алынган кызмат көрсөтүүлөрдү жакшыртуу калк жана ЖӨБ органдары үчүн өтө маанилүү болгонун тастыктап турат.

Вверх