Кызыл-Кыя шаарында болуп өткөн жаштар форумунда кабыл алынган резолюция

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу жергиликтүү өз алдынча башкаруу иштери жана этностор аралык мамилелер боюнча мамлекеттик агенттиги Баткен облусунун Кызыл-Кыя шаарынын мэриясынын жетекчилиги менен биргеликте “Тынчтыкты жана туруктуулукту бекемдөөдө жаштардын катышуусу-экономиканы чыңдоонун шарттарынын бири” темасындагы Жаштар форумунун кабыл алынган

РЕЗОЛЮЦИЯСЫ

2015-жылдын 27-февралында Кызыл-Кыя шаарында Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу жергиликтүү өз алдынча башкаруу иштери жана этностор аралык мамилелер боюнча мамлекеттик агенттиги Баткен облусунун Кызыл-Кыя шаарынын мэриясынын жетекчилиги менен биргеликте “Тынчтыкты жана туруктуулукту бекемдөөдө жаштардын катышуусу-экономиканы чыңдоонун шарттарынын бири” темасындагы Жаштар форумун өткөрдү.

Жаштар форумунун катышуучулары болуп Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарындагы жогорку окуу жайларынын студенттери, жаш окумуштуулары, мугалимдери, Кызыл-Кыя шаарынын жаштары  түзүштү.              

Форумга    Кыргыз Республикасынын Президентинин Аппаратынын, Кыргыз  Республикасынын Өкмөтүнүн Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн аппаратынын, Кыргыз Республикасынын   Өкмөтүнө   караштуу  жергиликтүү өз алдынча башкаруу иштери жана этностор аралык мамилелер боюнча мамлекеттик агенттигинин жооптуу кызматкерлери, жогорку окуу жайлардын профессорлору, доценттери, мугалимдери ж.б. катышышты.          

Жаштар форумунун катышуучулары Улуу Ата Мекендик согушта курман болгондордун эстелигине гүл коюшту. Улуу Ата Мекендик Согуштун Жеңишинин 70 жылдыгынын урматына  дарактын 70 көчөтүн  отургузушту. Кызыл-Кыя шаарынын Жаштар борбору, Кызыл-Кыя шаарынын  тарыхы менен таанышышты. Жаштар форуму “Тынчтыкты жана туруктуулукту бекемдөөдө жаштардын катышуусу-экономиканы чыңдоонун шарттарынын бири”  аттуу тематиканын алкагында конференциянын уюштурулуп өтүшү менен жыйынтыкталды.

Конференцияда Кыргыз Республикасынын Президентинин Аппаратынын этностук, диний саясат жана жарандык коом менен өз ара кызматташуу боюнча бөлүм башчысынын орун басары З.Ж. Эргешовдун, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу жергиликтүү өз алдынча башкаруу иштери жана этностор аралык мамилелер боюнча мамлекеттик агенттигинин директору Н.Касиевдин, Кыргыз Республикасынын  Өкмөтүнүн  Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Ж.П.Раззаковдун, окумуштуулардын, жаштардын, студенттердин сөздөрү угулду.

Конференцияда өлкөдө тынчтыкты жана туруктуулукту бекемдөөдө жаштардын катышуусу -экономиканы чыңдоонун шарттарынын бири коомдук маанилүү маселе экендиги баса белгиленди.Чыгып сүйлөгөн сөздөрдө улуттардын ортосундагы мамилени жакшыртуу жана бекемдөө, мамлекеттик денгээлдеги ири коомдук-саясий милдеттердин бири катары каралды. Конференциянын аягында төмөндөгүдөй резолюция кабыл алынды:

  1. Жакшы жөрөлгөгө айланып бара жаткан Жаштардын форумун туруктуу улантуу керек.  Бардык аймактардын жаштарын камтыган кийинки Жаштардун форуму  Жалал-Абад шаарында уюштурулсун.
  2. Элдерди бөлүнүүгө алып келген трайбализм (уруучулук), аймактык бөлүнүү, улуттар  аралык  келишпестик сыяктуу коомдук жат көрүнүштөргө каршы туруу  жаштардын негизги максаттарынын бири болуп саналсын.
  3. Ар кандай үй-бүлөлүк салттарга артыкбаш чыгымдарды токтотуу жана азайтуу, ашыкча чыгымдарды азайтуудан пайда болгон үй бүлөлүк каражаттарды кичи ишкердикке жумшоону жандандырууга Кыргызстандын жаштарынын милдеттеринин бири деп эсептелсин.
  4. Республиканын аймактарына инвестицияны тартуу максатында, аларга ыңгайлуу шарттарды түзүү, инвесторлордун коопсуздугун түзүү  жаштардын негизги баалуулуктун бири болуш үчүн аракеттерди жасоо, окуу жайлардын, мамлекеттик жана коомдук уюмдардын негизги милдеттеринин   бири деп эсептелсин.
  5.  Башка өлкөлөрдөгү жана элдердин билиминдеги, өндүрүшүндөгү инновацияларды терең окуп үйрөнүү  максатында мамлекеттик тилди билүүгө зыян келтирбей, чет тилдерди (орус, англис, кытай) үйрөнүү жана аларды пайдалана билүү тилдеги этностук жараяндык кеңири маселе болуп саналсын.
  6. Улуу Ата Мекендик Согуштун жеңишинин 70-жылдыгына арналган коомдук иш-чараларга жаштардын кеңири катышуусу жана  согуштун ардагерлерине  кол кабыш  көрсөтүүсү   терең жайылсын.
Жаңылыктар түрмөгүнө кайра баруу
Вверх