Кызыл-Кыяда шаарында жаштар форуму болуп өттү

Үстүбүздөгү жылдын 27-февралында Кызыл-Кыя шаарында  «Тынчтыкты жана турктуулукту чыңдоого жаштардын катышуусу - экономиканын өнүгүүсүнүн бир жолу» аттуу жаштар форуму  болуп өттү. Жаштар форумунун максаты — биримдикти, улуттардын интеграциясын, этностор аралык мамилелерди бекемдөө, ошондой эле достук, тынчтык жана ынтымактуулукту пропагандалоо болуп саналат.

Форумга Баткен, Ош жана Жалал-Абад облусунан жана өлкөнүн башка аймактарынан келген 200дөй жаштар, республиканын илимпоздору катышышты. Алгач Кызыл-Кыя шаарындагы Улуу Ата Мекендик согуштун ардагерлерине арналып тургузулган эстеликте митинг өттү. Андан соң Даңк аянтына кайың отургузулуп, андан кийин шаардын сейил багына өтүштү. Бул жерден алар тоо-кен колледжинин, политехникалык лицейдин студенттеринин эмгек көргөзмөсүн көрүштү. Мындан сырткары, мектеп жана бала бакча жамааттары жасаган улуттук тамак-аштар көргөзүлдү.

Жаштарды Н.Касиев жана Кызыл-Кыя шаарынын мэри А.Халмурзаев куттуктады. Н.Касиев интернационалдык үй-бүлөлөрдү куттуктап, белегин тапшырды. Анда Абдырахмановдор үй-бүлөсү - Жаныбек жана Татьяна сыйланды. Алардын улуттары ар башка кыргыз жана орус. Бирге 66 жыл жашашып, 6 баланы тарбиялашкан. Жаныбек Улуу Ата Мекендик согуштун катышуучусу, согуштук жана эмгектик сыйлыктарга ээ.

Тойгонбаевдер үй-бүлөсү - Колдош жана Флюра (кыргыз жана татар). Чогуу 40 жылдан бери түтүн булатып келишет, алар соода менен алектенишет. Колдош - КРнын эмгек сиңирген дарыгери, саламаттыкты сактоонун отличниги жана эмгек ардагери. Ал учурда үй бүлөлүк медицина борборунда хирург болуп эмгектенет. Эки баланы тарбиялашкан.

3сү жаш үй-бүлө - Жоробеков Эсен жана Машарипова Хафиза (кыргыз жана тажик). Үйлөнгөндөрүнө бир аз эле болду. Эсен айыл өкмөтүндө иштейт. Жубайы Хафиза убактылуу иштебейт.

Улуттук тамактарды уюштуруучулар акчалай сыйлык менен сыйланышты. Көркөм өнөр ээлери Кызыл-Кыяда жашаган улуттар, кыргыз, татар, тажик, өзбек, түрк улуттарынын ырларын ырдашып, бий бийлешти. Көрүүчүлөр аларды кол чаап, жакшы тосуп алышты, деп берилет маалыматта.

Форумдун катышуучулары гүлчамбарларды мамлекеттик ишмер Төрөбай Кулатовдун эстелигине коюшуп, «Достук» жаштар борборун көрүштү. Музейге барышып алардын экспонаттары менен таанышышты. Андан кийин илимий-практикалык конференция менен жыйынтыкталды.

 

 

 

Жаңылыктар түрмөгүнө кайра баруу
Вверх