“70 ЖЫЛДЫГЫ ЖЕӉИШТИН – БАШАТЫ БОЛСУН ЖЕМИШТИН” аттуу чакырыктын астында Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Жергиликтүү өз алдынча башкаруу иштери жана этностор аралык мамилелер боюнча мамлекеттик агенттигинин директору Н. Касиевдин 1941-1945-жылдар

Жакындап келе жаткан 1941-1945-жылдардагы Улуу Ата-Мекендик согуштун Улуу Жеңишинин 70 жылдыгы- Кыргызстан үчүн өзгөчө маанилүү жана белгилүү учур болуп саналат. Баарынан мурун-бул, бардык улуттардан турган  кыргызстандык жоокерлердин кажыбас кайратынын жана эстен кеткис эрдигинин үлгүсү болгон  биздин жалпы тарыхыбыз. Андыктан Улуу Жеңиш мындан ары да элибиздин башын бириктирип, бекемдеп тураарына ишенебиз. Кыргызстан элинин достугун бекемдөөдө жана патриоттук сезимге тарбиялоодо   Мекен жоокерлеринин көрсөткөн эрдиги кайталангыс башкы үлгү боюнча кала берет. 
Биз Улуу Ата-Мендик согуштун Улуу Жеңишин  майрамдоого болгон даярдыкты республиканын жалпы коомчулугунун, бардык улуттардын жана элдердин консолидациясынын кубаттуу фактору, Улуу Ата-Мекендик согуштун катышуучуларына, алардын Улуу Жеңишке кошкон жеке салымдары үчүн болгон ыраазычылык жана сый-урмат катары карайбыз. 
Биздин адамзаттык жана адеп-ахлак алдындагы эң чоң милдетибиз-согуш ардагерлеринин келечек үчүн жасаган эмгегин баалай билүү менен аларды жалпы камкордукка алуу жана мүмкүн болушунча көмөк көрсөтүү.Ошону менен бирге эле, биз, кыргызстандыктар Улуу Жеңишке татыктуу салым кошуу менен бул биримдиктин ажырагыс бөлүгү болгондугубуз менен сыймыктанышыбыз керек.
Улуу Ата-Мекендик согуштун сабактары, бизди бүгүнкү күндүн чакырыктары жана коркунучтары менен биримдикте жана биргеликте күрөшүүгө үйрөтөт ошондой эле бардык жашоочулардын  өз жериндеги тынчтык үчүн эң жогорку жоопкерчилиги жөнүндө дайыма эске салат.
Биз, согуштун балдарына жана  согуштан кийинки тынчтык учурларында төрөлүп, согуштун каарын көрбөй чоңойгондого кайрылабыз!  Кан төгүлгөн согуш талаасында биздин аталарыбыз жана чоң аталарыбыз биздин бүгүнкү күнүбүздүн жыргалчылыгы үчүн курман болушту. Көкүрөгүнө орден толгон ардагер жөн гана согуш ардагери эмес, ал бизге жашоо үчүн мүмкүнчүлүк жана бакыт берди. Өздөрүнүн жаш курагына карабастан, ардагерлер азыр да катарда. Алар ошол согуш адамзаттын эсинде бекем сакталышын каалоо менен  жаштарды каармандыкка, патриоттуулукка тарбиялоо үчүн болгон күч- аракеттерин жумшап келишет.
Улуу Жеңиштин 70 жылдыгын белгилөө алдында согуш талааларында өз өмүрүн берген туугандарынын жана жакындарынын жаркын элесин бекем сактаган биздин көп улуттуу өлкөбүздүн бардык жарандарын, бийлик жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын  өкүлдөрүн, жергиликтүү жамааттарды фашизм менен болгон күрөштө согуш ардагерлеринин көрсөткөн унутулгус эрдиктери үчүн сыймыктануу менен Улуу Ата-Мекендик согуш жылдарында башка элдер менен катар Кыргызстандыктардын көрсөткөн каармандыктарын жана баатырдыгын эстен чыгарбай, түбөлүккө сактоо боюнча калк арасында атайын иш-чараларды жүргүзүүгө чакырабыз.
Биз, көп улуттуу республикабыздын бардык жарандарына кайрылуу менен согушсуз жана карама-каршылыксыз келечекке кайдыгер карабай, бул белгилүү датаны элдин ынтымагын бекемдөө үчүн пайдаланууга чакырабыз. Ошону менен бирге Улуу Жеңиштин 70 жылдыгын белгилөөгө карата Апрель айын Улуу Ата-Мекендик согуштун ардагерлерине камкордук көрүү  айы деп жарыялоону сунуштайбыз.
Айлыктын алкагында: 
-    1941-1945-жылдардагы Улуу Ата-Мекендик согуштун ардагерлеринин, Улуу Ата-Мекендик согушта курман болгондордун, каза болгон ардагерлердин жесирлеринин жашоо-шарттарына текшерүү жүргүзүлсүн жана жашоо-шарттарынын маселелерин чечүү, социалдык, турмуш-тиричилик тейлөө жаатында , турак-жайларды оңдоо, ошондой эле башка социалдык, биринчи кезекте үй шартындагы кызматтарды көрсөтүү маселелерин чечүү боюнча чаралар кабыл алуу;
-    жашылдандыруу аянттарын кеңейтүү менен калктуу пункттарда ыӊгайлуу шарттартарды түзүү, айлана-чөйрөнү, үйлөрдү жана короо-жайларды жер тилкелерин тазалоо боюнча иштерди жүргүзүү;
-    мектеп окуучуларынын жана жаштардын катышуусунда  “Улуу Ата-Мекендик согушка арналган эстеликтердин айланасын жакшыртууга кошкон менин салымым” аттуу экологиялык акция жүргүзүлсүн, Мекенди коргоодо курман болгондордун күмбөздөрүн, эстеликтер жана обелисктерин, аскерлерге арналган жайлар жана мемориалдык комплекстерди иретке келтирүү;
-    “Биздин эскерүү багыбыз” акциясы жүргүзүлүп, согуш жана тылдын эмгекчилерине арналган аллеялар, гүлбакчаларды уюштурулсун жана Улуу Ата-Мекендик согуштун ар бир ардагеринин урматына бактарды тигүү;
-    айылдык китепканаларда фронтовиктердин жана ооруктун эмгекчилеринин эскерүүлөрүнүн көргөзмөсүн  жана сынактарды уюштуруу;
-    массалык жайларда, айыл өкмөтүнүн административдик имаратында Улуу Ата-Мекендик согуштун Улуу Жеңишинин 70 жылдыгына карата тематикалык бурчтарды уюштуруу.    
Бул бүгүнкү күндө бизге, биздин жаш муундарга жана өлкөбүздүн тынчтыгы жана туруктуулугу үчүн керек! 

Жаңылыктар түрмөгүнө кайра баруу
Вверх