Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жана этностор аралык мамилелер боюнча мамлекеттик агенттигинин кызматкерлеринин ишмердүүлүгүн баалоо боюнча 2014-жыл үчүн жыйынтыгы

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2013-жылдын 28-июнундагы  №383 “2013-2020-жыдарга карата Кыргыз Республикасынын  мамлекеттик жана муниципалдык  кызматкерлердин эмгек акысын төлөө системасын өнүктүрүү боюнча чаралар жөнүндө” токтомуна ылайык  2015-жылдын 23-январында  Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жана этностор аралык мамилелер боюнча мамлекеттик агенттигинин мамлекеттик кызматкерлеринин ишмердүүлүгүн баалоо боюнча Комиссиясы тарабынан 2014-жыл үчүн мамлекеттик кызматкерлердин кварталдык отчеттору каралды жана жылдын жыйынтыгы боюнча  ар бир мамлекеттик кызматкерлердин ишмердүүлүгүнүн жылдык  баасы чыгарылды.
Кароонун жыйынтыгы боюнча  Агенттиктин 12 кызматкери “эң мыкты”,  19 кызматкери “жакшы” деген баага татыктуу болушту.
Мамлекеттик кызматкерлерге жылдык баа берүүнүн жыйынтыгы боюнча Комиссия “эң мыкты” деген баа алган 12 кызматкерге айлык акы сеткасынын кийинки кадамын берүү жана “жакшы” деген баа алган 19 кызматкерге алкыш жарыялоо жөнүндө Агенттиктин жетекчилигине сунуш киргизишти.

 

Жаңылыктар түрмөгүнө кайра баруу
Вверх