Долбоор КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МЫЙЗАМЫ “Айрым калктуу конуштарга айыл макамын берүү жөнүндө”

Долбоор
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МЫЙЗАМЫ
“Айрым калктуу конуштарга айыл макамын берүү жөнүндө” 

1-берене.
Жалал-Абад облусунун Ала-Бука районунун Т.Балтагулов айыл аймагынын Кажар калктуу конушуна айыл макамы берилсин.

2-берене
Жалал-Абад облусунун Аксы районунун Кош-Дөбө айыл аймагынын Таш-Жар жана Жаңгак калктуу конуштарына айыл макамы берилсин.

3-берене
Ош облусунун Өзгөн районунун Жалпак-Таш айыл аймагынын Кара-Тарык калктуу конушуна айыл макамы берилсин.

4-берене
Жалал-Абад облусунун Ала-Бука районунун Т.Балтагулов айыл аймагынын Кажар, Жалал-Абад облусунун Аксы районунун Кош-Дөбө айыл аймагынын Таш-Жар жана Жаңгак, Ош облусунун Өзгөн районунун Жалпак-Таш айыл аймагынын Кара-Тарык айылдарынын чек-аралары бекитилсин. 

5-берене
    Бул мыйзам расмий булактарда жарыяланууга тийиш.   

Кыргыз Республикасынын 
Президенти                                                                                А.Атамбаев

 

Жаңылыктар түрмөгүнө кайра баруу
Вверх