Урматтуу мекендештер! Урматтуу Улуу Ата-Мекендик Согуштун ардагерлери!

Урматтуу мекендештер!  Урматтуу Улуу Ата-Мекендик Согуштун ардагерлери!

Урматтуу мекендештер!

Урматтуу Улуу Ата-Мекендик Согуштун ардагерлери!

Баарыныздарды Улуу Ата-Мекендик согушундагы Жеңиш күнүнүн 75-жылдыгы менен куттуктайм!

Ошол апаат күндөрүн биздин аталар унутулгус чоң эрдиги менен, өлүмгө тик караган баатырлыгы менен, энелер жана жаш балдар оорукта үзгүлтүксүз күжүрмөн эмгек жаратып, тапканын өздөрүнөн аяп фронтко жөнөтүп, келечектеги муундарга ачык асман, жер жүзүнө тынчтык тартуулап берген.

Каргашалуу согуш  мекенибиздин ар бир үйүнө  ый, жоготуу, коркунуч алып келип, элибиздин башына  эң оор күндөр  түшкөн  эле.

1941-жылы башталып, 1945-жылы аяктаган Улуу Ата-Мекендик согуштун аяктагына 75  жыл болду. Ага 365 миң кыргызстандык катышып, 100 миңдейи мерт болгон. Согуш учурунда 150 миң Кыргыз ССРинин тургундары орден жана медалдар менен сыйланып, 72 Советтер Союзунун Баатырына татыган. Дүйшөнкүл Шопоков, Чолпонбай Түлөбердиев, Самат Садыков жана башка кыргыз жигиттеринин эрдиги тарыхта калды.

Улуу Ата-Мекендик Согушта Улуу Жеңишке ээ болгон ата-апаларыбызга, согуш ардагерлерибизге жана ооруктун эмгекчилерине таазим!

Урматтуу мекендештер, ушул Улуу Жеңиш күнү баарыныздарга ачык асман, бакубат жашоо, узун өмүр каалайм!

Эч ким эч качан  унутта калбайт!

ЖӨБЭММАнын директору

Б.У.Салиев

Жаңылыктар түрмөгүнө кайра баруу
Вверх