ЖӨБЭММАнын директору Улуу Рамазан айынын башталышы менен куттуктады

 ЖӨБЭММАнын директору  Улуу Рамазан айынын башталышы менен куттуктады

Урматтуу жергиликтүү  өз алдынча  башкаруу
органдарынын кызматкерлери!

Бардык мусулмандар чоӊ үмүт менен күтүп келген Улуу Рамазан айыӊыздар менен Сиздерди кызуу куттуктаймын! Өзүӊүздөргө белгилүү болгондой,  быйылкы Рамазан айы  биздин өзгөчө биримдикти, ынтымакты, мээримдүүлүктү талап кылган учурга туш келди. Себеби дүйнөнүн канча мамлекеттерин каптаган коронавирус илдети биздин өлкөгө да келип  жетип, азыркы учурда бир топ жарандарыбыз бул илдетке кабылып, элибиздин башына оор мүшкүл түшүп турган кез. Албетте, бул өтө  өкүнүчтүү  жагдай.

Азыркы учурда  башка мамлекеттердин тажрыйбасын  эске алуу менен Кыргыз Республикасынын Президенти жана Өкмөтү тарабынан   илдет менен күрөшүү  багытында иштер уюштурулуп, коомдун алдыӊкы катарында күнү-түнү талыкпай  жергиликтүү  өз алдынча башкаруу органдарынын кызматкерлери, оор шарттарда тынбай иштеп жатышат.  Себеби жер-жерлерде  азыркы шарттын талабына ылайык, ыкчам аткара турган иш-чаралардын саны көбөйүп, жергиликтүү  өз алдынча  башкаруу органдары тарабынан  айыл аймактарында  дезинфекциялоо иштери  жүргүзүлүп, элдин аз камсыз  болгон катмарына  тиешелүү жардамдар көрсөтүлүп, карантиндин талабына ылайык, обсервациялык орундар даярдалып, ошону менен бирге айыл чарба  иштери дагы толугу менен аткарылып жатат.  Албетте, бул иштерди аткаруу  канчалык кыйын экени айтпаса да бардыгыбызга түшүнүктүү.

Мындай абалдан чыгып кетүү үчүн Рамазан айында аруу  тилектер менен өз ишибизди уланта беришибиз керек.

Урматтуу  жергиликтүү  өз алдынча  башкаруу органдарынын кызматкерлери!  Баарыӊыздарды кирип келген Рамазан айыӊыздар менен дагы бир жолу куттуктап, Сиздерге жалаӊ ийгиликтерди каалаймын. Элибизде токчулук, молчулук болуп, ар бир күнүӊүздөрдү жакшылыктар коштоп  апааттуу илдет жерибизден тезирек кетсин!

Б. У. Салиев

Жаңылыктар түрмөгүнө кайра баруу
Вверх