28 калктуу конушка айыл макамы ыйгарылды

28 калктуу конушка айыл макамы ыйгарылды

28 калктуу конушка айыл макамы ыйгарылды

2020-жылдын 21-апрелинде Кыргыз Республикасынын Президенти С.Ш.Жээнбеков “Кыргыз Республикасынын Жалал-Абад, Нарын, Ош жана Чүй облустарынын айрым калктуу конуштарын айыл категориясына киргизүү жөнүндө” жана “Кыргыз Республикасынын Баткен, Жалал-Абад, Нарын, Ош облустарынын айрым калктуу конуштарын айыл категориясына киргизүү жөнүндө” мыйзамына кол койду. Аталган мыйзамдар Жогорку Кеңеш тарабынан 2020-жылдын 23-мартында кабыл алынган.

Мыйзам долбоорлору КР Өкмөтүнө караштуу Жергиликтүү өз алдынча башкаруу иштери жана этностор аралык мамилелер боюнча мамлекеттик агенттиги тарабынан иштелип чыкты. Аталган мыйзамдын максаты -  28 калктуу конушка айыл макамын ыйгаруу, анын ичинде:

  • Баткен облусу:

Кадамжай районунун Бирлик айыл аймагынын Ынтымак;

  • Жалал-Абад облусу:

Чаткал районунун Сумсар айыл аймагынын Мончок-Дөбө жана Шекафтар;
Токтогул районунун Үч-Терек айыл аймагынын Такталык;

  • Нарын облусу:

Нарын районунун Орток айыл аймагынын Тамды-Суу;
Жумгал районунун Чаек айыл аймагынын Чукур-Аксеки, Шортон;

  • Ош облусу:

Кара-Кулжа районунун Чалминск айыл аймагынын Беш-Кемпир жана Орто-Талаа;
Ноокат районунун Жаңы-Ноокат  айыл аймагынын  Дон-Кыштак, Жандама, Катта-Тал, Кунгой- Хасан, Мончок-Дөбө жана Тескей;
Ноокат районунун Исанов айыл аймыгынын Кичик- Алай;
Ноокат районунун Кеңеш айыл аймагынын Байыш, Батуу, Дары-Булак;
Ноокат районунун Кулатов айыл аймагынын Абшыр-Ата, Арык-Тейит,  Кулуштан;
Кара-Суу районунун Катта-Талдык айыл аймагынын Торгой-Булак;
Кара-Суу районунун Төлөйкан айыл аймагынын Бодур-Таш, Жапалак;
Чоң-Алай  районунун  Кашка-Суу айыл аймагынын Жайылма жана Кичи Жайылма;

  • Чүй облусу:

Аламүдүн районунун Кара-Жыгач айыл аймагынын Бек-Тоо калктуу конуштары.

Калктуу конуштарды айыл категориясына киргизүү менен алардын макамы тиешелүү административдик-аймактык бирдикке караштуу өзүнчө аймактык бирдик катары көтөрүлүп, жергиликтүү жамааттарга жергиликтүү маанидеги маселелерди чечүүдө демилгелерин арттырат, белгилүү деңгээлде өз алдынчалыктарды берет жана жоопкерчиликтерин күчөтөт. Бул тиешелүү аймактын социалдык-экономикалык өнүгүшү үчүн инвестицияларды тартуу, ар кандай долбоорлор менен кызматташуу, ички резервдерди, жергиликтүү жамааттын мүмкүнчүлүктөрүн мобилизациялоо маселелеринин активдештирилишине түрткү болот.

Жогоруда аталган калктуу конуштарга айыл макамын ыйгаруу үчүн Кыргыз Республикасынын “Кыргыз Республикасынын администрациялык-аймактык түзүлүшү тууралуу” Мыйзамынын 13-беренесине жана Кыргыз Республикасынын администрациялык-аймактык түзүлүшүнүн маселелерин кароонун тартиби жөнүндө жобого ылайык,  талап кылынган бардык зарыл документтер даярдалган.

Аталган калктуу конуштардын жашоочуларынын жалпы жыйындарында ал конуштарга айыл макамын ыйгаруу тууралуу чечимдер кабыл алынган. Ал чечимдердин негизинде тиешелүү жергиликтүү кеңештер, райондордун жергиликтүү мамлекеттик администрациялары жана Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн облустардагы ыйгарым укуктуу өкүлдөрү тарабынан тиешелүү чечимдер чыгарылган.

Жогоруда аталган калктуу конуштарга айыл макамын ыйгаруу маселеси Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Административдик-аймактык түзүлүш жана географиялык аталыштар боюнча ведомстволор аралык комиссиясынын отурумунда каралган.

Айыл макамын ыйгарууга сунушталып жаткан 28 калктуу конуштарда бардыгы 52584 калк жашайт. Бардык калктуу конуштарда, Нарын облусунун Тамды-Суу калктуу конушун кошпогондо, социалдык объектилер бар. Калктуу конуштар электрэнергиясы жана суу системасы менен камсыздалган.

Жаңылыктар түрмөгүнө кайра баруу
Вверх