Улуу Ата Мекендик согуштун ардагерлерине жардам көрсөтүлдү

Кыргыз Республикасынын Президентинин Жарлыгына ылайык 24-марттан баштап Бишкек шаарынын аймагында өзгөчө абал киргизилгендигине байланыштуу Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Жергиликтүү өз алдынча башкаруу иштери жана этностор аралык мамилелер боюнча мамлекеттик агенттиги да өз салымын кошуп, кары-картаң адамдарга жардам ирээтинде күндө керектелүүчү тамак-аш азыктарын жеткирди.

Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан Агенттикке бекитилип берилген 4 Улуу Ата Мекендик согуштун ардагерлерине күндө керектелүүчү тамак-аз азыктары: кум шекер, өсүмдүк майы, күрүч, макарондун түрлөрү, жашылча, мөмө жемиштер жана эң керектүү дары-дармектери, алардын муктаждыктарын эске алуу менен тандалып алынып, үйлөрүнө жеткирилип берилди.

Бул жардамга ардагерлер абдан ыраазы болуп Агенттиктин кызматкерлери тарабынан көрсөтүлгөн жардам аракеттерин кубаныч менен кабыл алышты, ошондой эле жалпы эле калкыбызды, өлкөбүздө болуп жаткан өзгөчө абалга өтө кылдаттык менен мамиле кылуусуна, жана “Ар бир ийгиликтүү кадам жеңишке жетишерине ишенүү керек”- деген чакырыктарды билдире кетишти.

 

 

Жаңылыктар түрмөгүнө кайра баруу
Вверх