Республиканын аймагында коронавирустун жайылышын болтурбоо максатында шаардык мэриялар жана айыл өкмөтү жергиликтүү кеңештер менен биргеликте тиешелүү чараларды аткарышып, активдүү иш алып барылууда

Жалпыга маалым болгондой, көптөгөн өлкөдө  коронавирустун жайылышына байланыштуу, Бүткүл дүйнөлүк  саламаттык сактоо уюму (БДССУ) 2020-жылдын 11-мартында коронавирус (COVID-19) пандемиясы жөнүндө жарыялады. Көптөгөн өлкөдө аталган жугуштуу инфекцияны алдын алуу жана болтурбоо боюнча  карантин чаралары кабарланган.

Ошондой эле, Кыргызстанда дагы КРнын Президентинин Жарлыгы менен Ош облусунун Ноокат ,  Кара-Суу райондоруна , Ош шаарына, Бишкек шаарына, Жалал-Абад облусунун Сузак районуна жана Жалал-Абад шаарына өзгөчө кырдаал киргизилди.

Республиканын аймагында коронавирустун жайылышын болтурбоо максатында шаардык мэриялар жана айыл өкмөтү жергиликтүү кеңештер менен биргеликте тиешелүү чараларды аткарышып, активдүү иш алып барылууда. Республиканын аймагында  өзгөчө кырдаал, андан кийин өзгөчө абал жарыялангандан тартып, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары тарабынан өлкөнүн калктуу конуштарында профилактикалык жана дезинфекциялык иштер жүрүүдө. Бул максатты ишке ашырууда жеринде зарыл техника каралып жана райондук санитардык-эпидемиологиялык мекемелер менен биргеликте социалдык объектилерди, калктуу конуштардын көчөлөрүн жана башка аймактарды дезинфекциялоо иштерин байма-бай жүргүзүшүүдө. Санитардык-карантин посттору коюлуп, жугуштуу инфекциядан коргоочу каражаттар, анын ичинде бет каптар, антисептикалык каражаттар, атайын коргоочу кийимдер ж.б.берилүүдө.

Посттогу кызматкерлер 3 жолку тамактануу жана керектүү каражаттар менен камсыз болууда.

Медицина кызматкерлерине, оорулууларга баруу  үчүн автотранспорт жана күйүүчү май каражаты  берилүүдө. Жогоруда аталган иш-чаралар жергиликтүү өз алдынча башкаруунун бюджетинен каражаттарды тартуу менен аткарылууда.

Ошондой эле, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары тарабынан жеринде бет каптарды жана атайын кийимдерди тигүү боюнча иштер уюштурулууда. Саламаттык сактоо кызматкерлери менен биргеликте  жергиликтүү калк ичинде карантин ченемдерин сактоо боюнча түшүндүрүү иштери жүргүзүлүүдө.

Мамлекеттик органдардын тиешелүү түзүмдөрү менен биргеликте карантин учурундагы талаптарды сактоо боюнча иштер аткарылууда.

Жергиликтүү калкты керектүү товарлар менен камсыз кылуу боюнча коммуналдык кызмат иштери жана дүкөн, аптекалардын иши уюшулган.

Жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын жергиликтүү бюджетинен калктын аярлуу катмарына азык-түлүк менен жардам көрсөтүлүүдө. Көпчүлүк айылдарга азык-түлүктөр даректелип жеткирилүүдө.

Республиканын региондорунда коронавирустун мындан ары жайылышын болтурбоо боюнча жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын алгылыктуу ишин белгилөө менен, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Жергиликтүү өз алдынча башкаруу иштери жана этностор аралык мамилелер боюнча мамлекеттик агенттиги бардык шаар мэрлерине,  айыл өкмөттөрүнө жана жергиликтүү кеңешке кыйын учурда кошкон салымы жана баа жеткис эмгеги үчүн ыраазычылык билдирет!

Жаңылыктар түрмөгүнө кайра баруу
Вверх