ЖӨБЭММА: ЕККУ республиканын айыл өкмөттөрүнө санариптештирүү саясатын ишке ашыруу үчүн техникалык жардам көрсөттү

ЖӨБЭММА: ЕККУ республиканын айыл өкмөттөрүнө санариптештирүү саясатын ишке ашыруу үчүн техникалык жардам көрсөттү

ЖӨБЭММА: ЕККУ республиканын айыл өкмөттөрүнө санариптештирүү саясатын ишке ашыруу үчүн техникалык жардам көрсөттү

Кыргыз Республикасынын  Президентинин  «2020-жыл - Региондорду өнүктүрүү, өлкөнү санариптештирүү жана балдарды колдоо жылы» Жарлыгын  жана  "Санарип Кыргызстан 2019-2023" санариптик трансформациялоо концепциясын ишке ашыруу боюнча "жол картасын"  ишке ашыруу  алкагында  ЖӨБЭММА  жана ЕККУнун Бишкектеги Программалык офисинин ортосундагы сүйлөшүүлөрдүн жыйынтыгында 453 айыл өкмөтү   маршрутизатор(роутер) менен камсыз болду.

Айтылган маршрутизаторлор «Санарип аймак», «E-kyzmat»,(адам ресурстарын  автоматташтырылган  түрдө башкаруу)  жана «Infodocs»( иш-кагаздарын электрондук жүргүзүү системасы) маалымат системасын жергиликтүү  өз алдынча  башкаруу органдарына киргизүүсүнө  зарыл.

2020 жылдын 24 мартында  ЖӨБЭММАнын директору Бахтияр Салиев  ЕККУнун Бишкектеги программалык офисинин башчысы, Элчи  Пьер Фон Аркс менен   жолугуусунда 187 даана маршрутизатордун  биринчи партиясын расмий өткөрүп берүүсү болуп өттү. Роутерлердин 266 даанадан турган экинчи партиясын  ушул жылдын май айында жеткирүү пландаштырылууда. Берилген техникалык жардамдын жалпы суммасы 1миллион 800 миң  сомду түздү.

ЖӨБЭММАнын директору Бахтияр Салиев  ЕККУнун Бишкектеги программалык офисинине терең ыраазычылык билдирип, бул жабдуулар айыл өкмөттөрүнүн ишмердүүлүгүн  планын  санариптештирүү боюнча  иш ашырылышына  маанилүү жардам  болоорун белгилеп кетти.

Мындан тышкары, Мониторинг борборунун чыр-чатак абалдарына ыкчам чара  көрүү жана сыртка чыгуу ишмердүүлүгүн колдоо максатында ЖӨБЭММА жана  ЕККУнун Бишкектеги программалык офисинин  ортосунда ЖӨБЭММАнын балансына Ниссан-Патфайндер унаа транспортун  белекке берүү жөнүндө келишим түзүлдү.

«Санарип аймак» чарба китептерин түзүүдөгү процесстерди  автоматизациялоо, жергиликтүү  өз алдынча  башкаруу органдарынын ишин эффективдүүлүгүн жогорулатуу жана мамлекеттик органдар  менен  жергиликтүү  өз алдынча  башкаруу органдары  электрондук маалымат  алмашуусу максатында мамлекеттик органдардын жана  муниципалдык кызмат көрсөтүү тармагында адистердин ишин автоматизациялоо  максаты  каралган.

 

Жаңылыктар түрмөгүнө кайра баруу
Вверх