«Санарип аймак» автоматташтырылган маалыматтык тутуму

«Санарип аймак» автоматташтырылган маалыматтык тутуму

 

КР Президентинин 2019-жылдын 1-январындагы №1 «2019-жыл Региондорду өнүктүрүү жана санариптештирүү жылы деп жарыялоо» жөнүндө жарлыгына ылайык жана «Санарип Кыргызстан 2019-2023» Жол картасынын 74-пунктуна ылайык «Санарип аймак» чарба китебин санариптештирүү максатында, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Жергиликтүү өз алдынча башкаруу иштери жана этностор аралык мамилелер боюнча мамлекеттик агенттиги, 2020- жылы жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарында «Санарип аймак» автоматташтырылган маалыматтык тутумун киргизүүнү пландап жатат.

«Санарип аймак» АМТ ЖӨБО кыскача маалыматтарын, курамын, ЖӨБО территориясында жашаган үй-бүлөлөрдүн шарттарынын деңгээлин чагылдырган маалыматтар менен электрондук чарба китебин калыптандырууга  багытталган.

«Санарип аймак» АМТ негизги максаты жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын эффективдүүлүгүн жогорулатуу жана мамлекеттик, муниципалдык кызматтарды көрсөткөн адистердин ишин автоматташтыруу болуп саналат.

ЖӨБО жана министрликтер, ведомстволор ортосундагы маалымат алмашуу аркылуу ЖӨБО базага кирүүгө мүмкүнчүлүк алып, тиешелүү кызматтарды көрсөтө алат.

Ведомстволорлор аралык электрондук өз ара аракеттенүү тутуму  «Түндүк» аркылуу ЖӨБО маалыматтардын электрондук алмашуусун камсыз кылуу максатында Агенттик мамлекеттик органдар менен (КРӨ ЖӨБЭММА, КР МСК, КРӨ МКК, МКК алдындагы Инфоком МИ) келишим түзүү иштерин жүргүзүүдө.

Бардык жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарында (мындан ары- ЖӨБО) «Санарип аймак» АМТ иштеп чыгуу жана киргизүү боюнча иштиктүү топ тарабынан 4 тараптуу (КРӨ ЖӨБЭММА, КР НСК, КРӨ МКК, МКК алдындагы Инфоком МИ) план иштелип чыгып, макулдашылып бекитилди.

2020-жылдын апрель айынын ортолорунда пилоттордон кийин республиканын региондоруна  жайылтуу пландалууда.

2020-жылдын март айындагы планга ылайык 8 (Кара-Суу шаарынын мэриясы, Өзгөн районунун Ак-Таш АӨ, Жалал-Абад обл. Сузак районунун Барпы АӨ, Ысык-Көл обл. Балыкчы ш. мэриясы, Жайыл районунун Ленин, Ак-Башат АӨ, Чүй обл. Сокулук районунун Крупский АӨ) жергиликтүү өз алдынча башкарууну окутуу жана «Санарип аймак» АМТ киргизүү, ал эми май айынан тарта башка КР ЖӨБО.

Чарба китебин жүргүзүүнү жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарына бекитүүгө Агенттик тарабынан Кыргыз Республикасынын «Кыргыз Республикасынын «Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө» Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө» (2-беренесинде), КРӨ 41 жана 47.

Ошондой эле мыйзам долбоору КРӨ сайтына 2020-жылдын 20-февралында коомдук талкуу үчүн жайгаштырылды.

Жаңылыктар түрмөгүнө кайра баруу
Вверх