ЖӨБЭММА Коомдук кабылдамалардын жооптуу катчылары үчүн этностор аралык маселелер боюнча эки күндүк тренинг өткөрүүдө

ЖӨБЭММА Коомдук кабылдамалардын жооптуу катчылары үчүн этностор аралык маселелер боюнча эки күндүк тренинг өткөрүүдө

ЖӨБЭММА Коомдук кабылдамалардын жооптуу катчылары үчүн этностор аралык маселелер боюнча эки күндүк тренинг өткөрүүдө

2020-жылдын 12-мартында Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Жергиликтүү өз алдынча башкаруу иштери жана этностор аралык мамилелер боюнча мамлекеттик агенттиги ЕККУнун Бишкектеги программалык офиси  менен “Чыр-чатактардын алдын алуу жана болтурбоо системасын колдоо” долбоорунун алкагында коомдук кабылдамалардын жооптуу катчылары, ЖӨБЭММАнын Мониторинг борборунун аналитиктери               үчүн полиэтникалык район, шаарлардагы этностор аралык маселелер тууралуу мониторинг жана чыр-чатактын анализи боюнча эки күндүк тренинг өткөрүүдө.   

Тренингге ЖӨБЭММАнын директору  Бахтияр Салиев,   Бишкектеги ЕККУнун программалык офисинин башчысы  Пьер фон Аркс катышышты. Тренингдин жүрүшүндө ЕККУнун этностор аралык маселелер боюнча улуу кеңешчиси Юрий Фенопетов катышуучуларга чыр-чатактардын анализи, маалыматты топтоонун ыкмалары жөнүндө айтып берди.

13-мартта ЖӨБЭММА жана Мониторинг борбору тарабынан коомдук кабылдамалардын жооптуу катчыларын ЖӨБЭММАнын этностор аралык маселелери, аналитикалык катты түзүүнүн тартиби менен тааныштырып, «ЖӨБЭММАнын маалыматтык жактан камсыздоонун актуалдуу маселелери, ЖМК жана мессенджерлердин анализи» аталышындагы тренинг уюштуруу пландалууда.

Жаңылыктар түрмөгүнө кайра баруу
Вверх