Кыргыз Республикасынын Баткен, Жалал-Абад, Нарын, Ош облустарынын айрым калктуу конуштарын айыл категориясына киргизүү жөнүндө

Кыргыз Республикасынын Баткен, Жалал-Абад, Нарын, Ош облустарынын айрым калктуу конуштарын айыл категориясына киргизүү жөнүндө

2020-жылдын 11-мартында Кыргыз Республикасынын Жогорку Кенештин пленардык жыйынында 2-жана 3-окууда Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Жергиликтүү өз алдынча башкаруу иштери жана этностор аралык мамилелер боюнча мамлекеттик тарабынан иштелип чыгып жана Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2019-жылдын 26-ноябрындагы № 640 жана 2019-жылдын 16-декабрындагы № 680- токтомдору менен жактырылган 28 калктуу конушту айыл категориясына киргизүү боюнча 2 мыйзам долбоору кабыл алынды.

«Кыргыз Республикасынын Баткен, Жалал-Абад, Нарын, Ош облустарынын айрым калктуу конуштарын айыл категориясына киргизүү жөнүндө» жана "Кыргыз Республикасынын Жалал-Абад, Нарын, Ош жана Чүй облустарынын айрым калктуу конуштарын айыл категориясына киргизүү жөнүндө "   мыйзам долбоорлору менен төмөнкү калктуу конуштарды айыл категорисына киргизүү сунушталган:

Баткен облусунун Кадамжай районундагы Бирлик айыл аймагынын Ынтымак;

Жалал-Абад облусунун Токтогул районундагы Үч-Терек айыл аймагынын Такталык;

Нарын облусунун Жумгал районундагы Чаек айыл аймагынын Чукур-Аксеки, Шортон, Нарын облусунун Нарын районунун Орток айыл аймагынын Тамды-Суу;

Ош облусунун Кара-Суу районундагы Катта-Талдык айыл аймагынын Торгой-Булак, Төлөйкөн айыл аймагынын Бодур-Таш, Жапалак, Ноокат районундагы Исанов айыл аймагынын Кичик-Алай, Кеңеш айыл аймагынын Байыш, Батуу, Дары-Булак, Кулатов айыл аймагынын Абшыр-Ата, Арык-Тейит, Кулуштан, Чоң-Алай районундагы Кашка-Суу айыл аймагынын Жайылма, Кичи-Жайылма.

Жаңылыктар түрмөгүнө кайра баруу
Вверх