ЖӨБЭММА Уулу Ата Мекендик согуштун айым ардагерлерин 8-март Эл аралык аялдар күнү менен куттуктады

ЖӨБЭММА Уулу Ата Мекендик согуштун айым ардагерлерин 8-март Эл аралык аялдар күнү менен куттуктады

Бүгүн Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Жергиликтүү өз алдынча башкаруу иштери жана этностор аралык мамилелер боюнча мамлекеттик агенттиги Улуу Ата Мекендик согуштун айым ардагерлери Хатима Шариповна менен Валентина Ивановнаны 8-Март Эл аралык аялдардын күнү менен куттуктап, ардактуу аялдарга арнап гүл, белектерди берүү менен жылуу сезимдерди тартуулады.

Март айынын башында Кыргыз Республикасынын Президентинин Жарлыгына ылайык “1941-1945-жылдардагы Улуу Ата Мекендик согуштагы Жеңиштин 75 жылдыгын майрамдоого даярдык көрүү жана өткөрүү боюнча” Кыргыз Республикасынын Премьер-министри М.Д. Абылгазиевдин 2020-жылдын 28-февралындагы №20-820 тапшырмасынын негизинде Агенттик Улуу Ата Мекендик согуштун ардагерлери менен жолугушуу уюштуруп, ардагерлердин жашоо шарты менен таанышуу иштерин жүргүзгөн.

Ал эми майрамдык маанайды жылуу жумшак сөздөр менен кабыл алган ардагерлерибиз жөнүндө айта кетсек: Сафина Хатима Шариповна, 1926-жылдын 25-январында туулган, 94 жашта, согуштун  ардагери, Улуу Ата Мекендик согуштун катышуучусу, Ашеулова Валентина Ивановна, 1935-жылдын 2-майында туулган, 85 жашта, Ленинграддагы блокаданын катышуучусу, 3-жашында Кыргызстанга келип, бадар үйүндө тарбияланып чоңойгон.

Хатима Шариповна да, Валентина Ивановна да азыркы турмушка, кийинки өнүгүүлөргө ыраазылыгын, ошондой эле жыргалчылыкта, молчулукта жашап, Кыргызстаныбызда, деги эле дүйнө жүзүндө тынчтык болушуна тилектештиктерин билдиришти.

   

Жаңылыктар түрмөгүнө кайра баруу
Вверх