ЖӨБЭММАнын директорунун 5-март Ак калпак күнү менен куттуктоосу

 ЖӨБЭММАнын директорунун 5-март Ак калпак  күнү менен куттуктоосу

Урматтуу мекендештер!

Сиздерди Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Жергиликтүү өз алдынча башкаруу иштери жана этностор аралык мамилелер боюнча мамлекеттик агенттигинин эмгек жамаатынын жана жеке өзүмдүн атымдан куттуктайм!

Кылымдарды карыткан элибиздин Ак калпагы Кыргыз элинин символу -улуттун жүзү болуп келген.

Урматтуу кыргызстандыктар, бүгүн 5-мартта Ата-Бабаларыбыздан калган Мурас - Ак калпагыбыздын күнүн белгилеп жатабыз. Ак мөңгүлүү аска зоону элестеткен баш кийимибиз ар дайым башыбыздан түшпөсүн деген ыйык тилектер менен жалпыңыздарды бүгүнкү майрамыңыздар менен чын дилимден куттуктайм! Ак калпагын башынан түшүрбөй,  Мекенибиздин Туусун бийик көтөрүп, эли-жерибизди ааламга тааныткан инсандарыбыз чыга беришине тилектештигимди билдирем. Мекенибизде тынчтык, биримдик, ынтымак жана өнүгүү болсун.

 

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Жергиликтүү өз алдынча башкаруу иштери жана этностор аралык мамилелер боюнча мамлекеттик агенттигинин директору                                                                  

     Б.У. Салиев

 

 

Жаңылыктар түрмөгүнө кайра баруу
Вверх