ЖӨБЭММАнын директорунун жаңы жылдык куттуктоосу

ЖӨБЭММАнын директорунун жаңы жылдык куттуктоосу

 

Урматтуу мекендештер!

 

Сиздерди Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Жергиликтүү өз алдынча башкаруу иштери жана этностор аралык мамилелер боюнча мамлекеттик агенттигинин эмгек жамаатынан жана өзүмдүн атымдан келе жаткан жаңы 2020-жылыңыздар менен куттуктайбыз!                  

Кыргыз Республикасынын Президентинин Жарлыгы менен «2019-жыл Региондорду өнүктүрүү жана өлкөнү санариптештирүү жылынын» алкагында элибиздин биримдигинин негизинде, өлкөбүз үчүн өрнөктүү иштер аткарылып, экономикабыз өсүү менен туруктуу өнүгүүнү шарттай алды.

Дүйнө элдери менен катарлаш келечекке бара жаткан көп этностуу калкыбыз албан иштерди аткарууга белсенип, өздөрүнүн зор үмүттөрүн байланыштырган 2020-жыл босогодон кирип келе жатат.

Өлкөбүздүн жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын кызматкерлерине айыл аймактарында жана шаарларында жергиликтүү жамаатардын күнүмдүк турмушундагы маселелерин чечүүдөгү үзүрлүү эмгекти каалайбыз!

Көп этностуу Кыргыз Республикасынын жарандарына элибиздин ынтымагын жана биримдигин чыңдоого багытталган иштеринде ийгиликтерди каалоо менен, баарыңыздарга ачык асман, жаңы жылда үйүңүздөргө кут кирип, береке толуп, ийгиликтер коштосун. Сиздерге узун өмүр, бакубат турмуш жана бекем ден соолук каалайбыз!

 

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Жергиликтүү өз алдынча башкаруу иштери жана этностор аралык мамилелер боюнча мамлекеттик агенттигинин директору 

Б.У. Салиев

 

Жаңылыктар түрмөгүнө кайра баруу
Вверх