"Мамлекеттик тил жөнүндө" Мыйзамдын 30 жылдыгы Каракол шаарында белгиленди!

"Мамлекеттик тил жөнүндө" Мыйзамдын 30 жылдыгы Каракол шаарында белгиленди!

Агенттик, Кыргызстан калкы Ассамблеясы Кыргыз Республикасынын «Мамлекеттик тили жөнүндө» Мыйзамынын кабыл алынгандыгынын 30 жылдыгына карата Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Ысык-Көл облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлчүлүгү менен биргеликте 2019-жылдын 27-сентябрь күнү К. Тыныстанов атындагы Ысык-Көл мамлекеттик университетинде «Академик Б.Ө. Орузбаева жана мамлекеттик тил маселелери» аттуу илимий-практикалык конференция уюштуруп өткөрдү.
Илимий-практикалык конференция куттуктоо сөздөр, пленардык баяндамалар жана секциялык иштер менен коштолду.
Иш чарага КР Өкмөтүнүн Ысык-Көл облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Акылбек Осмоналиев, К. Тыныстанов атындагы Ысык-Көл мамлекеттик университетинин ректору Курманбек Абдылдаев жана бир катар филология илимдеринин кандидаттары, докторлору катышышты. 
Илимий-практикалык конференцияда «Мамлекеттик тил мааниге ээби», «Илимге арналган өмүр», «Кыргыз тилин окутуудагы инновациялык маселелер», «Б.Ө. Орузбаева-эне тилдин энеси» жана «Улуттун улуулугу –анын тилинде» аталыштарында кеӊири баяндамалар жасалды. 
Иш чарада Агенттиктин Ысык-Көл облусундагы өкүлү, Кыргызстан калкы Ассамблеясынын Ысык-Көл облусундагы филиалынын төрагасы Айбек Майрыков иш чаранын катышуучуларына  куттуктоо сөзүн айтып илимий-практикалык конференцияда актуалдуу баяндамалары үчүн университеттин окутуучуларына Кыргызстан калкы Ассамблеясынын ыраазычылык барагын жана Ардак Грамотасын тапшырды.


 

Жаңылыктар түрмөгүнө кайра баруу
Вверх