Каракол шаарында мамлекеттик тил жөнүндө мыйзамынын 30 жылдыгы белгиленди!

Каракол шаарында мамлекеттик тил жөнүндө мыйзамынын 30 жылдыгы белгиленди!

Ысык-Көл облусунун Каракол шаарында Кыргыз Республикасынын "Мамлекеттик тил жөнүндө" мыйзамынын кабыл алынгандыгынын 30 жылдыгына карата "Академик Б.Ө.Орузбаева жана мамлекеттик тил маселелери" аттуу илимий-практикалык конференция болуп өттү.  Иш чара Агенттик, Кыргызстан элинин Ассамблеясы, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Ысык-Көл облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлчүлүгү жана К. Тыныстанов атындагы Ысык-Көл мамлекеттик университети болуп биргеликте уюштурулду. 

Иш чарада Агенттиктин Ысык-Көл облусундагы өкүлү, Кыргызстан элинин Ассамблеясынын Ысык-Көл облустук филиалынын төрагасы Айбек Майрыков куттуктоо сөзүн айтып аягында облустагы элдин биримдигин чыңдоодогу алгылыктуу иштери үчүн К. Тыныстанов атындагы университеттин окутуучуларына Ардак Грамота тапшырды. 

Жаңылыктар түрмөгүнө кайра баруу
Вверх