Айыл өкмөттөр арасында тажрыйба алмашуу боюнча республикалык семинар-кеңешме болуп өттү!

Айыл өкмөттөр арасында тажрыйба алмашуу боюнча республикалык семинар-кеңешме болуп өттү!

Агенттик, 2019-жылдын 12-сентябрь күнү Кыргыз Республикасынын ПРезиденти С.Ш. Жээнбековдун "2019-жыл, Региондорду өнүктүрүү жана өлкөнү санариптештирүү жылы" деп жарыялоо жөнүндө Жарлыгынын алкагында  Жалал-Абад облусунун, Ноокен районуна караштуу Достук айыл өкмөтүнүн базасында "Аймактарды өнүктүрүү- өлкөнү өнүктүрүүнүн негизги багыты" аталышында республикалык семинар-кеңешме өткөрдү. Семинар кеңешменин максаты республиканын бардык облустарынан келген айыл өкмөт башчыларынын Достук айыл өкмөтүнүн ийгиликтүү иштери менен бөлүшүү болуп саналат. Анткени Достук айыл өкмөтү 2018-жылдын жыйынтыгы менен Эң мыкты айыл өкмөт сынагында биринчи оорунду алган. Иш чаранын жүрүшүндө катышуучулар Достук айыл өкмөтүндө жаңы курулган социалдык объектердин ачылышына, курулуп жаткан объектердеги иштерге, жергиликтүү жамааттын айыл өкмөт менен болгон тыгыз байланышта иш алып баруусуна ошондой айыл өкмөттүн эл аралык уюмдар менен иш алып барып, элге ыңгайлуу шарттарды түзүп жаткандыгына күбө болушту. 

Аталган семинар-кеңешмеге Агенттиктин директору Бахтияр Салиев, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Жалал-Абад облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Кыянбек Сатыбалдиев, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Ош, Баткен облустарындагы өкүлүнүн орун басарлары жана республикабыздын 7 облусунун айыл өкмөт башчылары катышышты.

Семинар-кеңешмеде Агенттиктин директору Бахтияр Салиев катышуучуларга куттуктоо сөзүн айтып, Агенттик тарабынан жергиликтүү өз алдынча башкаруу тармагын жакшыртуу аны өнүктүрүү боюнча жүргузүлүп жаткан иштер боюнча төмөндөгүлөргө токтолуп өттү. 

“Жергиликтүү бюджеттердин кирешелүүлүгүн жогорулатуу максатында 2019-2021-жылдары жергиликтүү бюджеттин пайдасына киреше салыгынан чегерүүлөрдү 100%га чейин жеткирүү пландалууда. 2019-жылы киреше салыгын 70% чейин көтөрүлүп, жергиликтүү бюджеттер 2,1 млрд. сом кошумча алышат!

2018-2020-жылдарга Айрым чек ара аймактарын социалдык-экономикалык жактан өнүктүрүү боюнча мамлекеттик программанын экинчи этабын ишке ашыруу боюнча иш-чаралар планы бекитилди. Иш-чаралар планын ишке ашырууга бюджетте 296,2 млн сом өлчөмүндө каражаттар каралган. Жыл сайын 98,8 млн сом бөлүштүрүлөт.

Региондорду методикалык колдоо жана аймакты социалдык экономикалык өнүктүрүү программаларынын долбоорлорун даярдоону системалаштыруу үчүн социалдык-экономикалык өнүктүрүү пландарын иштеп чыгуу боюнча шаар, айыл өкмөт  жана райондор үчүн методикалык колдонмо бекитилген. Натыйжада, бардык 20 пилоттук шаарлар – өсүү башаттарынын өнүктүрүү программалары бекитилди жана ишке ашырууга  берилди!

Региондорду санариптештирүү жылынын алкагында “Санарип аймак” долбоору ишке ашырылып, айыл өкмөттөрдү “Түндүк” маалымат алмашуу тутумуна кошуу иштери каралууда. Мындан сырткары айыл өкмөттөрдү интернет тармагына зым-кабель аркылуу кошуу иштери “Кыргызтелеком” мамлекеттик ишканасы тарабынан жүргүзүлүп жатат. 

Корея Республикасынын «Семайыл Ундонг» кыймылынын долбоору менен кызматташтыгынын натыйжасында Чүй облусунун 4 айыл өкмөтүнө 26,0 млн сом грант берилип, айылдардагы социалдык объектилдердин имараттарын курууга, оңдоп-түзөө иштерине, фермердик чарбаларды өнүктүрүүгө багытталды.

Корея мамлекетинин эл аралык кызматташуу агенттигинин (КОICA) “Менин айылым” долбоору алкагында 30 айыл бекитилип, жалпысынан долбоорго 245,0 млн.сом каралган.

Бүгүн биз 2018-жылдын жыйынтыгы боюнча женүүчү деп табылган Достук айыл өкмөтүнүн аткарган иштери менен таанышып чыктык.

Өзүнүздөр үчүн кичинекей болсо дагы пайдалуу жагын таап, «Региондору өнүктүрүү жана өлкөнү санариптештирүү» жылынын алкагында алган тажрыйбаны өз айылдарыңыздарда колдонуп жергиликтүү маанидеги маселелерди чечүүдө, жергиликтүү өз алдынча башкаруунун өнүгүшүнө,  туруктулугуна жана кадыр-баркын  чындоодо өз салымыңыздарды кошосуңар деп ишенебиз!

Мамлекеттик бийлик органдары жергиликтүү өз алдынча башкаруунун калыптанышы жана өнүгүшү үчүн зарыл болгон укуктук, уюштуруучулук шарттарды түзүп жатат.

Атап айтканда, "Аскердик наамдарды, класстык чендерди, атайын класстык чендерди жана атайын наамдарды белгилөө жөнүндө" Мыйзамга киргизилген  өзгөртүүлөр менен муниципалдык саясий кызмат ордун ээлеген мэрлер, айыл өкмөтүнүн башчылары, шаардын кеңештин төрагалары  класстын чен  ыйгаруу маселесинин укуктук негизи түзүлдү.

Ошондой эле быйылкы жылы республика боюнча 36 калктуу конушка айыл макамы ыйгаруу боюнча Мыйзамга КР Президенти тарабынан кол коюлду, андан тышкары учурда 28 калктуу конушка айыл макамын ыйгаруу боюнча мыйзам долбоорлору КР Өкмөтүндө каралууда, алдыда бул конуштарга дагы айыл макамы ыйгарылат.” - деп билдирди Бахтияр Салиев. 

Ошондой эле Агенттиктин директору Бахтияр Салиев, жергиликтүү өз алдынча башкарууну өнүктүрүүгө жана элдин биримдигин чыңдоодогу алгылыктуу иштери үчүн Достук айыл өкмөтүнүн айрым кызматкерлерине Агенттиктин ведомстволук сыйлыктарына жана үлгулүү интернационал үй-бүлөөлөргө баалуу белектерди тапшырды.

Жаңылыктар түрмөгүнө кайра баруу
Вверх