Эгемендүүлүк майрамына карата Бишкек шаарында жана өлкөнүн башка шаарларында улуттук кол өнөрчүлүк көргөзмөсү уюштурулду!

Эгемендүүлүк майрамына карата Бишкек шаарында жана өлкөнүн башка шаарларында улуттук кол өнөрчүлүк көргөзмөсү уюштурулду!

 31-август күнү Бишкек, Баткен, Ош Жалал-Абад жана Каракол шаарларынын борбордук аянтында «Эгемендүүлүк» майрамына арналган улуттук кол өнөрчүлүктүн көргөзмөсү жана этностук топтордун өкүлдөрүнөн турган майрамдык концерт өткөрүлдү.
Жылдан жылга өлкөбүздүн, элибиздин эң маанилүү байлыгы болгон – тынчтыкты, элдин биримдигин бекемдөөгө, мамлекеттүүлүктү чыӊдоого, өлкөбүздү өнүктүрүүгө болгон күч аракетибизди жумшап келебиз.
Эгемендик алган жылдан тарта 31-август күнү кыргыз эли – бул майрамыбызды эӊ жогорку маанайда белгилейбиз.
Көргөзмө Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жана этностор аралык мамилелер боюнча Мамлекеттик Агенттиги менен Кыргызстан элинин Ассамблеясынын Баткен,  Жалал-Абад жана Ысык-Көл облустарындагы бөлүмдөрүнүн катышуусунда уюштурулду. 

Жаңылыктар түрмөгүнө кайра баруу
Вверх