Жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын ишмердиктерине тиешелүү айрым мыйзам актылары тууралуу маалымат-түшүндүрмө.

Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши тарабынан 2019-жылдын июль айында кабыл алынган, Кыргыз Республикасынын Президенти тарабынан кол коюлган жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын ишмердиктерине тиешелүү айрым мыйзам актылары тууралуу маалымат-түшүндүрмө.

1. 36 калктуу конуштарына айыл статусу берилди.

Кыргыз Республикасынын Президенти Сооронбай Жээнбеков “Кыргыз Республикасынын Жалал-Абад областынын айрым калктуу конуштарын айыл категориясына киргизүү жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамына жана «Кыргыз Республикасынын Баткен, Нарын, Ош жана Талас облустарынын айрым калктуу конуштарын айыл категориясына киргизүү жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамына  кол койду.

1. 2019-жылдын 30-июлу № 108 “Кыргыз Республикасынын Жалал-Абад областынын айрым калктуу конуштарын айыл категориясына киргизүү жөнүндө” Кыргыз Республикасынын  Мыйзамы менен Кыргыз Республикасынын Жалал-Абад областынын Аксы районундагы Кашка-Суу айыл аймагынын Тосту, Туюк-Жар, Өлөң-Булак, Чарбак жана Кара-Башат конуштары айыл категориясына киргизилип, жаңы түзүлгөн айыл катары калктуу конуш кезиндеги аттары ыйгарылды.

2. 2019-жылдын 2-августундагы № 112 «Кыргыз Республикасынын Баткен, Нарын, Ош жана Талас облустарынын айрым калктуу конуштарын айыл категориясына киргизүү жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамы менен төмөнкү калктуу конуштар айыл категориясына киргизилип, жаңы түзүлгөн айыл катары калктуу конуш кезиндеги аттары ыйгарылды.  

Баткен областы боюнча:

-Баткен районунун:
 1. Ак-Сай айыл аймагынын Миң-Булак калктуу конушу; 
 2. Самаркандек айыл аймагынын Миң-Өрүк калктуу конушу;
 
- Кадамжай районунун :
3. Бирлик айыл аймагынын Жаңы-Сырт калктуу конушу; 
4. Кадамжай районунун Орозбеков айыл аймагынын Кош-Дөбө калктуу конушу;
5- 8. Орозбеков айыл аймагынын Кудук, Өндүрүш, Сары- Талаа жана Учкун калктуу конуштары;

Нарын областы боюнча:

Кочкор районунун:
9-12. Чолпон айыл аймагынын Ак-Чий, Оро-Башы, Тармал-Саз, Узун-Булак калктуу конуштары;

Нарын районунун:
13. Сары-Ой айыл аймагынын Сары-Ой калктуу конушу;

Ош областы боюнча:

Алай районунун:
 14.  Корул айыл аймагынын Арал калктуу конушу;

Араван районунун:
15-16. Алля Анаров айыл аймагынын Маданият жана Пахта-Абад калктуу конуштары;

Кара-Кулжа районунун:
17-19.Алайкуу айыл аймагынын Ара-Булак, Бөрү-Токой жана Желе-Дөбө калктуу конуштары;

Ноокат районунун:
20-21.  Бел айыл аймагынын Жаш жана Таш-Булак калктуу конуштары;
22-24. Гүлстан айыл аймагынын Беш-Коргон, Бостон жана Чоң-Кыштоо калктуу конуштары;
25- 27. Он Эки-Бел айыл аймагынын Мырза-Найман, Он Эки-Мойнок  жана Өрнөк калктуу конуштары;

Өзгөн районунун:
28. Баш-Дөбө айыл аймагынын Кашка-Терек калктуу конушу;
29. Кызыл-Октябрь айыл аймагынын Ынтымак калктуу конушу;

Талас областы: боюнча:

Кара-Буура районунун:
30.  Бакыян айыл аймагынын Камаш калктуу конушу;

Талас районунун:
31.Калба айыл аймагынын Беш-Таш калктуу конушу;

Калктуу конуштарды айыл категориясына киргизүү менен алардын статусун көтөрүү, аларга өзүнчө аймактык бирдик катары жергиликтүү жамааттарга жергиликтүү маанидеги маселелерди чечүү боюнча өз алдынчалык берет. Тиешелүү айылдын  социалдык-экономикалык өнүгүшү үчүн жергиликтүү жамааттын демилгелерин арттырат жана жоопкечиликтерин күчөтөт, ушул максатта инвестицияларды тартуу, ар кандай проекттер менен кызматташуу, ички резервдерди, жергиликтүү жамааттын мүмкүнчүлүктөрүн мобилизациялоо маселелери активдештирилишине түрткү болот.

2. Шайлоо мыйзамдарын өркүндөтүүгө багытталган мыйзамдар топтому.
Кыргыз Республикасынын Президенти Сооронбай Жээнбеков 2019-жылдын 27-июнунда Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши тарабынан кабыл алынган, Кыргыз Республикасынын шайлоо мыйзамдарын өркүндөтүүгө багытталган мыйзамдар топтомуна кол койду.  Тактап айтканда :
1.«Кыргыз Республикасынын Президентин жана Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоо жөнүндө», «Кыргыз Республикасынын референдуму жөнүндө» Кыргыз Республикасынын конституциялык мыйзамдарына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу» Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамына;
 2. «Жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоо жөнүндө»  Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу» Кыргыз Республикасынын Мыйзамына;
3.«Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына („Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө“, " Жергиликтүү кеңештердин депутаттарынын статусу жөнүндө“, „Борбордун статусу жөнүндө“, „Ош шаарынын статусу жөнүндө“ Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына) өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу» Кыргыз Республикасынын Мыйзамына.
Аталган мыйзамдар Кыргыз Республикасын Туруктуу өнүктүрүү боюнча улуттук кеңештин 2018-жылдын 13-августундагы VII жыйналышында кабыл алынган 2018-2020-жылдарга Кыргыз Республикасынын шайлоо боюнча мыйзамдарын өркүндөтүү стратегиясында каралган милдеттерди ишке ашыруу максатында жумушчу топ тарабынан иштелип чыккан. Кабыл алынган Мыйзамдарда төмөндөгүлөр каралган:
1) Административдик ресурсту кыянаттык менен пайдалануунун жол берилбестиги жөнүндө ченем;
2) Жарандардын шайлоо процесске инклюзивдүүлүгүн (тартылуусун) жакшыртуу боюнча чаралар:
— мамлекеттик порталы, шайлоочулардын алдын-ала, контролдук жана биротоло тизмелери түшүнүктөрүн конкреттештирүү;
— шайлоочулардын тизмесинде маалыматтарын тактоо же өзгөртүү, шайлоо дарегин өзгөртүү жөнүндө шайлоочулар тарабынан «шайлоочунун кабинети» сервис аркылуу авторизациядан өтүү жолу менен арыз менен кайрылуу мүмкүнчүлүгүн жогорулатуу;
3) Ден соолугунун мүмкүнчүлүктөрү чектелген адамдардын шайлоо укуктарын камсыз кылуу:
— «ден соолугунун мүмкүнчүлүктөрү чектелген шайлоочу» түшүнүгү менен толуктоо;
— добуш берүү жайы бул имаратка ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелген шайлоочуларга тоскоолдуксуз кирүү, анда добуш берүү үчүн шарттар, анын ичинде ыңгайлуу араба жана жөө жүрүү жолдору, жеке авто унааны токтотуу үчүн атайын орундар, добуш берүү жайын биринчи кабаттарга жайгаштыруу же лифттердин болуусу, эшиктердин кең болуусу, пандустардын болуусу (эгерде пандус коюуга мүмкүнчүлүк болбосо, жардам чакыруу кнопкасын орнотуу), төшөмө, сезимтал көрсөткүчтөр, жарыктын жетиштүүлүгү камсыз кылынышы;
— ден соолугунун мүмкүнчүлүктөрү чектелген адамдар үчүн ыңгайлаштырылган маалыматтык материалдарга, стенддерге, үгүт материалдарга карата төмөнкүдөй талаптар коюлат: аудио-видео форматта (санариптик алып жүрүүчүлөр), сурдо-котормолор, субтитрлер, Брайль ариби.
— талапкерлер, саясий партиялар үгүт материалдарынын нускасынын жалпы санынын 1 пайызынан кем эмес бөлүгүн ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелген шайлоочулар үчүн үгүт материалдарын жарыялоо боюнча талап киргизилет;
         4) Кыргыз Республикасынын Президенттигине талапкерлерди жана Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттыгына талапкерлердин тизмелерин көрсөтүүнүн жана каттоонун тартиби;
5) жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоолорун өткөрүүнүн бирдиктүү күндөрүн орнотуу (апрель жана ноябрь айлары);
6) Шайлоо дайындалган датага 6 ай калганга чейин катталган саясий партияларга шайлоого катышууга чектөө киргизүү;
7) шайлоо өнөктүгүн каржылоону контролдоо жана ачыктыгы боюнча ченемдер;
8) шайлоодогу талаш-тартыштар менен байланышкан ченемдер;
9) аялдар үчүн айылдык кеңештин депутаттарынын мандаттарына 30 пайыздык резерв жана резервделген мандаттарды бөлүштүрүү тартиби жөнүндө жобону киргизүү негизинде гендерлик теңдикти камсыз кылуу;
10) депутаттык кызматын билим берүү жана саламаттык сактоо мамлекеттик жана муниципалдык мекемесинин жетекчиси кызматы менен айкалыштыруу укугун берүү;
11) кылмыш жасагандыгы үчүн соттуулугу бар, же белгиленген тартипте жоюлбаган Кыргыз Республикасынын жарандары, ошондой эле соттуулугу жоюлгандыгына же жоюлбагандыгына карабастан, оор жана өзгөчө оор кылмыштарды жасагандыгы үчүн соттолгон жарандары шаардын мэри жана айыл өкмөттүн башчысы кызматын ээлегенге тыюу салуу;
12) жергиликтүү кеңештердин депутаттарынын жергиликтүү кеңештин сессиясына жүйөлүү себептерсиз системалуу түрдө келбегендиктери үчүн жоопкерчиликти тактоо. Аны менен жергиликтүү кеңештин депутаты кеңештин сессияларында жүйөлүү себептерсиз бир жыл ичинде төрт жолудан ашык жок болгондугу үчүн анын ыйгарым укуктарын мөөнөтүнөн мурда токтотуу тууралуу маселени көтөрүү укугун жергиликтүү кеңешке берүү;
13) жергиликтүү өз алдынча башкаруунун аткаруу органынын башчысын шайлоо, шайлоо тартибин өркүндөтүү жана башка.

Төмөндө, жогоруда көрсөтүлгөн маселелердин ичинен жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарына, жергиликтүү жамааттка түздөн-түз тиешеси бар айрым маселелерге кеңири түшүндүрмө берилет.

"Жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоо жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу” 2019-жылдын 8-августундагы  № 117  КР Мыйзамында
 
1.Шайлоо күнүнө карата 21 жаш куракка толушунан, тиешелүү администрациялык-аймактык бирдиктин жергиликтүү жамаатынын мүчөсү болушунан тышкары, талапкер үчүн.жалпы орто билимден төмөн эмес билим ( мурда билим тууралуу талап жок болчу) талап кылынып калды. 
Соттуулугу мыйзамда белгиленген тартипте жоюлбаган адамдар жергиликтүү кеңештердин депутаттыгына шайланууга укугу жок.
  2. Жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоолорун өткөрүүнүн бирдиктүү күндөрүн  болуп жылдын апрель айынын экинчи жекшембиси жана октябрь айынын экинчи жекшембиси аныкталды.
 Эгерде жергиликтүү кеңештердин депутаттары шайланган мөөнөт 1-декабрдан 31-декабрга чейинки мезгилде аяктаса, кийинки шайлоолор көрсөтүлгөн мөөнөт бүткөн жылдан кийинки жылдын апрель айынын экинчи жекшембисинде өткөрүлөт.
Эгерде жергиликтүү кеңештердин депутаттары шайланган мөөнөт 1-январдан 31-майга чейинки мезгилде аяктаса, кийинки шайлоолор көрсөтүлгөн мөөнөт бүткөн жылдын апрель айынын экинчи жекшембисинде өткөрүлөт.
Эгерде жергиликтүү кеңештердин депутаттары шайланган мөөнөт 1-июндан 30-ноябрга чейинки мезгилде аяктаса, кийинки шайлоо көрсөтүлгөн мөөнөт аяктаган жылдын октябрь айынын экинчи жекшембисинде, ал эми Президентти, Жогорку Кеңештин депутаттарын шайлоону өткөрүү жылы - көрсөтүлгөн шайлоолордо добуш берүү күнүндө өткөрүлөт.
    3) Мыйзамдын шайлоо күрөөсүн тескеген 50-беренеснин жаңы  редакциясына ылайык:
1. Шайлоо күрөөсү төмөнкү өлчөмдө белгилди:
1) Бишкек жана Ош шаардык кеңештерине - мыйзамдар менен белгиленген эсептешүү көрсөткүчүнүн беш жүз эсе өлчөмүндө;
2) облустук жана райондук мааниднги шаардык кеңештерге - мыйзамдар менен белгиленген эсептик көрсөткүчтүн эки жүз эсе өлчөмүндө;
3) айылдык кеңештерге - мыйзамдар менен белгиленген эсептик көрсөткүчтүн он эсе өлчөмүндө.
2. Шайлоо күрөөсү депутаттыкка талапкерлерге, депутаттыкка талапкерлердин тизмелерин көрсөткөн саясий партияларга төмөнкүдөй учурларда кайра кайтарылып берилет:
1) шайлоонун жыйынтыктары расмий жарыяланган күндөн тартып 10 календардык күндөн кечиктирбестен тиешелүү шайлоо комиссиясына өзүнүн фондун түзүүнүн булактарын, ошондой эле жүргүзүлгөн бардык сарптоолорунун өлчөмү жөнүндө отчетту берген шартта, добуш берүүгө катышкан шайлоочулардын 15 пайыздан кем эмесинин добушун алса;
2) эгерде тиешелүү шайлоо комиссиясы тарабынан талапкерди, талапкерлердин тизмесин каттоодон баш тартуу жөнүндө чечим кабыл алынса;
3) шайлоо бюллетендеринин тексти жана формасы бекитилгенге чейин шайлоого андан ары катышуудан баш тартса.
Күрөөнүн калган суммасы бюджетке чегерилүүгө тийиш. Талапкерлердин жана саясий партиялардын шайлоо күрөөлөрүнөн келип түшкөн каражаттардын суммасы жөнүндө, талапкерлерге жана саясий партияларга кайра кайтарылган шайлоо күрөөлөрүнүн суммасы жана бюджетке чегерилген сумма жөнүндө маалымат Борбордук шайлоо комиссиясынын расмий сайтында жарыяланууга тийиш.

    4. Жергиликтүү кеңештин депутатынын бош калган мандатынын ордун ээлөө маселесинде олутуу  өзгөртүүлөр болду.
1.Пропорциялуу система боюнча шайланган депутаттын ыйгарым укуктары мөөнөтүнөн мурда токтотулган учурда анын мандаты кийинки катталган талапкерге берилет:
1) аял жынысындагы депутаттын ыйгарым укуктары токтотулган учурда аял жынысындагы талапкерлердин арасынан;
2) эркек жынысындагы депутаттын ыйгарым укуктары токтотулган учурда эркек жынысындагы талапкерлердин арасынан.
Талапкерлердин тизмесинде тиешелүү жыныстагы адамдардын талапкерлери жок болгон учурда, депутаттын мандаты ошол эле тизмедеги талапкерге кезек боюнча берилет.
2. Мандаттарды резервге калтыруунун негизинде мандат алган депутат-аялдын ыйгарым укуктары мөөнөтүнөн мурда токтотулган учурда тийиштүү шайлоо округунда шайлоочулардын кыйла көп добуштарын алган кийинки талапкер аялга мандат берилет. Эгерде талапкер аялдар калбай калса,  депутаттын мандаты ошол эле тизмедеги талапкерге кезек боюнча берилет.
5.  Депутаттын ыйгарым укуктарынын мөөнөтүнөн мурда токтотулушу бардык мыйзамдарда бирдейлештирилди жана алар  төмөнкү учурларда жүзөгө ашырылат:
1) депутаттын депутаттык ыйгарым укуктарын тапшыруу же фракциядан чыгуу жөнүндө жазуу жүзүндө арызы берилгенде;
2) ушул Мыйзам менен каралган кызмат орундарын айкалыштыруу мүмкүн эмес болгон жагдай келип чыкканда;
3) Кыргыз Республикасынын чегинен тышкары, же болбосо башка жерге туруктуу жашоо үчүн чыгып кеткенде, анда жашоо депутаттык иш-милдеттерди туруктуу жана натыйжалуу аткарууга мүмкүн болбогондо;
4) жарандыктан чыкканда, Кыргыз Республикасынын жарандыгын жоготкондо же болбосо башка жарандыкты алганда;
5) депутаттык мандатты белгиленген тартипти бузуу менен алуу фактылары табылганда (шайлоонун жыйынтыктарын жараксыз деп табуу же шайлоонун жыйынтыктарын жокко чыгаруу);
6) соттун чечими боюнча депутат аракетке жөндөмсүз деп таанылганда;
7) депутатка карата соттун айыптоо өкүмү күчүнө киргенде;
8) депутат жүйөөлүү себептерсиз жергиликтүү кеңештин сессияларына бир жыл ичинде төрт жолудан ашык келбегенде;
9) депутат каза болгондо же аны дайынсыз жоголду же өлдү деп табуу жөнүндө соттун чечими мыйзамдуу күчүнө киргенде;
10) кеңеш таркатылганда.
 Эгерде көп мандаттуу шайлоо округу боюнча талапкерлер калбай калган учурда, мандат кийинки шайлоого чейин бош бойдон калат.
 Эгерде пропорциялуу шайлоо округу боюнча саясий партиянын тизмесинде талапкерлер калбай калган учурда, мандат тиешелүү жергиликтүү кеңешке кийинки шайлоого чейин бош калат.
6. Айылдык кеңештердин депутаттарын шайлоону өткөрүү үчүн ар бир айылдык кеңеш боюнча аялдар үчүн айылдык кеңештин депутаттарынын мандаттарынын 30 пайыздан аз эмеси резервге калтырылат.
 Ар бир шайлоо округу боюнча резервге калтырылган мандаттардын саны ушул Мыйзамдын 10 жана 11-беренелерине ылайык шайлоо округдары жана участоктору жөнүндө маалымат менен бир убакта жарыяланат.
Шайлоо округунда резервге калтырылган мандаттардын саны тиешелүү шайлоо округундагы мандаттардын жалпы санына жараша болот:
1) 2 мандаттуу шайлоо округунда 1 мандат резервге калтырылат;
2) 3 мандаттуу шайлоо округунда 1 мандат резервге калтырылат;
3) 4 мандаттуу шайлоо округунда 2 мандат резервге калтырылат;
4) 5 мандаттуу шайлоо округунда 2 мандат резервге калтырылат;
5) 6 мандаттуу шайлоо округунда 2 мандат резервге калтырылат;
6) 7 мандаттуу шайлоо округунда 3 мандат резервге калтырылат;
7) 8 мандаттуу шайлоо округунда 3 мандат резервге калтырылат;
8) 9 мандаттуу шайлоо округунда 3 мандат резервге калтырылат;
9) 10 мандаттуу шайлоо округунда 3 мандат резервге калтырылат;
10) 11 мандаттуу шайлоо округунда 4 мандат резервге калтырылат;
11) 12 мандаттуу шайлоо округунда 4 мандат резервге калтырылат;
12) 13 мандаттуу шайлоо округунда 4 мандат резервге калтырылат;
13) 14 мандаттуу шайлоо округунда 5 мандат резервге калтырылат;
14) 15 мандаттуу шайлоо округунда 5 мандат резервге калтырылат;
15) 16 мандаттуу шайлоо округунда 5 мандат резервге калтырылат.

“Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына ("Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө", "Жергиликтүү кеңештердин депутаттарынын статусу жөнүндө", "Борбордун статусу жөнүндө", "Ош шаарынын статусу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына) өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө” 2019-жылдын 8-августундагы  № 118 КР Мыйзамында

1."Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө" Мыйзамынын 24-беренеси жаңы редакцияда баяндалып, депутаттык мандатка байланыштуу айрым маселелер такталды.
. 24-берене. Депутаттык мандат
1.Жергиликтүү кеңештин депутаты катталгандан кийин ага белгиленген үлгүдөгү ырастама жана төш белги тапшырылат.
2. Жергиликтүү кеңештин депутатынын ыйгарым укуктарын мөөнөтүнөн мурда токтотуу үчүн төмөндөгүлөр негиз болуп саналат:
1) анын депутаттык ыйгарым укуктарын тапшыруу же фракциядан чыгуу жөнүндө жазуу жүзүндө арыз берүүсү;
2) Кыргыз Республикасынын жарандыгынан чыгышы, жарандыгын жоготуусу, башка жарандыгынын бар экендиги тууралуу фактынын айкындалышы, же болбосо башка жарандыкты кабыл алышы;
3) депутаттык ыйгарым укуктарын аткаруусуна сыйышпаган башка ишке өтүшү же мындай иштен кетпеши;
4) башка кеңештин депутаты болуп шайланышы;
5) депутаттын административдик-аймактык бирдиктин жергиликтүү коомдоштугундагы мүчөлүгүнүн токтотулушу;
6) шайлоонун жараксыз деп таанылышы;
7) туруктуу жашоо үчүн Кыргыз Республикасынын чегинен сырткары чыгып кетиши;
8) сот тарабынан депутаттын аракетке жөндөмсүз же дайынсыз жоголду деп таанылышы, ошондой эле өлдү деп жарыяланышы;
9) ага карата соттун айыптоо өкүмүнүн мыйзамдуу күчүнө кириши;
10) жүйөлүү себептерсиз жергиликтүү кеңештин жыйналыштарында бир жыл ичинде төрт жолудан ашык катышпоосу;
11) депутаттын өлүмү.
3. Ушул берененин 2-бөлүгүндө көрсөтүлгөн негиздер боюнча депутаттын ыйгарым укуктарынын мөөнөтүнөн мурда токтотулушу негиз келип чыккан күндөн тартып 30 календарлык күндөн кечиктирбестен тиешелүү аймактык шайлоо комиссиясы кабыл алган чечим менен жүзөгө ашырылат.
4. Тиешелүү аймактык шайлоо комиссиясы депутаттын ыйгарым укуктарын мөөнөтүнөн мурда токтотуу жөнүндө маселени тиешелүү арыздын же сунуштаманын негизинде карайт.
5. Депутаттын ыйгарым укуктарын мөөнөтүнөн мурда токтотуу жөнүндө сунуштаманы тиешелүү аймактык шайлоо комиссиясына төмөндөгүлөр берет:
1) тиешелүү мамлекеттик орган - ушул берененин 2-бөлүгүнүн 2(Кыргыз Республикасынын жарандыгынан чыгышы, жарандыгын жоготуусу, башка жарандыгынын бар экендиги тууралуу фактынын айкындалышы, же болбосо башка жарандыкты кабыл алышы), 7(туруктуу жашоо үчүн Кыргыз Республикасынын чегинен сырткары чыгып кетиши)жана 11-пункттарында (депутаттын өлүмү) каралган учурларда;
2) сот - ушул берененин 2-бөлүгүнүн 6 (шайлоонун жараксыз деп таанылышы), 8 (сот тарабынан депутаттын аракетке жөндөмсүз же дайынсыз жоголду деп таанылышы, ошондой эле өлдү деп жарыяланышы) жана 9-пункттарында (ага карата соттун айыптоо өкүмүнүн мыйзамдуу күчүнө кириши ) каралган учурларда;
3) тиешелүү жергиликтүү кеңеш - ушул берененин 2-бөлүгүнүн 3(депутаттык ыйгарым укуктарын аткаруусуна сыйышпаган башка ишке өтүшү же мындай иштен кетпеши), 4(башка кеңештин депутаты болуп шайланышы), 5 (депутаттын административдик-аймактык бирдиктин жергиликтүү коомдоштугундагы мүчөлүгүнүн токтотулушу); жана 10-пункттарында (жүйөлүү себептерсиз жергиликтүү кеңештин жыйналыштарында бир жыл ичинде төрт жолудан ашык катышпоосу) каралган учурларда.
6. Ушул берененин 2-бөлүгүнүн 3-5 жана 10-пункттарында каралган негиздер боюнча жергиликтүү кеңеш депутаттын ыйгарым укуктарын мөөнөтүнөн мурда токтотуу жөнүндө чечимди депутаттардын жалпы санынын көпчүлүгүнүн добушу менен кабыл алат жана кабыл алынгандан кийин 3 күндөн кечиктирбестен тиешелүү аймактык шайлоо комиссиясына жөнөтөт.
7. Депутаттын жыйналышка катышпоосунун жүйөлүү себептери болуп төмөнкүлөр эсептелет:
1) эмгекке убактылуу жарамсыздыгы;
2) кош бойлуулугу жана төрөтү боюнча, бала асырап алууга байланыштуу өргүү;
3) үй-бүлөлүк жагдайлар боюнча жыйналышка катышпай калуу (никеси катталган, бала төрөлгөн, бала баккан, жакын туугандары өлгөн учурларда), окуу өргүүсү, негизги иштеген жери боюнча иш-сапарында болуу, жазуу жүзүндөгү чакыруу боюнча мамлекеттик аземдерге жана расмий кабыл алууларга, семинарларга, конференцияларга жана тиешелүү жергиликтүү кеңештин жетекчилигинин уруксаты менен башка иш-чараларга катышуу;
4) транспорттук тоскоолдуктар жана тиешелүү документтерде ырасталган башка форс-мажорлук жагдайлар.";

2. Шаар мэринин  жана айыл өкмөтүнүн башчысынын кызмат ордуна талапкерге коюлуучу талаптарга өзгөтүүлор киргизилди. Ага ылайык:
1. Жогорку билими жана мамлекеттик, муниципалдык кызматта же билим берүү, саламаттык сактоо мамлекеттик мекемелеринде иш стажы бар же жеке менчик формасындагы уюмдардын, мекемелердин жана чарбакер субъекттердин жетекчилик кызмат орундарында 3 жылдан кем эмес (айыл өкмөтүнүн башчылыгына 2 жылдан кем эмес)  иш стажы бар, мамлекеттик тилди билген, аракетке жөндөмдүү Кыргыз Республикасынын жараны шаар мэри, айыл өкмөтүнүн башчысы боло алат.
2. Шаар мэринин, айыл өкмөтүнүн башчылыгынын кызмат ордуна талапкер карым-катыштын бардык чөйрөлөрүндө кесиптик ишти жүзөгө ашыруу үчүн коммуникативдик компетенциянын деңгээлинде мамлекеттик тилди билүүгө тийиш, бул деңгээл Өкмөт бекиткен "Кыргызтест" мамлекеттик тилди билүү деңгээлин аныктоо тутумунун талаптарына ылайык "ортодон жогорку" деңгээл катары мүнөздөлөт. Тилди билүү деңгээли белгиленген үлгүдөгү сертификат (мындан ары - мамлекеттик тилди билүү деңгээли тууралуу сертификат) менен ырасталат.
Мамлекеттик тилди билүү деңгээли тууралуу сертификат тестирлөөнүн жыйынтыктары боюнча мамлекеттик тилди билүү деңгээлине баа берүү чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган же,айыл өкмөтүнүн башчылыгынын кызмат ордуна талапкердин мамлекеттик тилди билүү деңгээли тууралуу өз сертификатын аймактык шайлоо комиссиясына бербей коюусу каттоодон баш тартууга негиз болуп саналат.
3. Талапкерлерди каттоо мөөнөтү аяктаганга чейин кылмыш жасагандыгы үчүн соттолгондугу мыйзамдарда белгиленген тартипте жоюлбаган Кыргыз Республикасынын жарандары, ошондой эле соттолгондугу мыйзамдарда белгиленген тартипте жоюлгандыгына же жоюлбагандыгына карабастан, оор жана өзгөчө оор кылмыштарды жасагандыгы үчүн соттолгон жарандар шаар мэри, айыл өкмөтүнүн башчысы боло албайт.

3. Шаардын мэрин, айыл өкмөтүнүн башчысын шайлоо тартибинде өзгөрүүлөр болду.

Өзгөртүүлөр белгиленген добуштардын зарыл санын албаганынан , белгиленген мөөнөттө талапкерлердин катталбай, кворумдун жоктугунан улам шайлоонун болбой калууларынын, ошндой эле шайлоо кворумдун жоктугунан улам болбой калган, ал эми кайра шайлоо талапкерлер зарыл болгон добуштардын санын албаганынан улам болюбой калууларынын кесепеттерине багытталды. Тактап айтканда, бул багытта төмөнкүлөр ченемдештирилди.
Эгерде белгиленген мөөнөттөрдө бир дагы талапкер катталбаса, же болбосо катталган талапкерлер добуш берүүгө катышуудан баш тартса, кайра шайлоо өткөрүлөт.
Эгерде кайра шайлоого бир дагы талапкер катталбаса, же болбосо катталган талапкер добуш берүүгө катышуудан баш тартса, шаардык кеңештин фракциясы, шаардык кеңештин фракцияларынын коалициясы жана Премьер-министр тарабынан  мэрге,  райондук мамлекеттик администрациянын башчысы-аким тарабынан - айыл өкмөтүнүн башчысына талапкерлерди көрсөтүү менен кайра шайлоо өткөрүлөт.
Мэрди, айыл өкмөтүнүн башчысына шайлоо, эгерде:
- кворумдун жоктугунан эки жолу болбой калса, кайра шайлоо өткөрүлөт;
- эки жолу болсо, бирок талапкерлер добуштардын зарыл санын албай капса, кайра шайлоо өткөрүлөт.
Эгерде шайлоо кворумдун жоктугунан улам болбой калган, ал эми кайра шайлоо талапкерлер зарыл болгон добуштардын санын албаганынан улам болбой калган учурда, Борбордук шайлоо комиссиясы мэрди, айыл өкмөтүнүн башчысына кайра шайлоону дайындоого укуктуу.
Эгерде шайлоо талапкерлердин добуштардын зарыл санын албаганынан улам болбой калган, ал эми кайра шайлоо кворумдун жоктугунан улам болбой калган учурда Борбордук шайлоо комиссиясы мэрди, айыл өкмөтүнүн башчысына кайра шайлоону дайындоого укуктуу.
Эгерде тиешелүү кеңештин депутаттары белгиленген мөөнөттөрдө шаар мэрин, айыл өкмөтүнүн башчысын шайлай албаган учурда, Кыргыз Республикасынын Президенти Борбордук шайлоо комиссиясынын сунушу боюнча жергиликтүү кеңешти таркатат жана тиешелүү жергиликтүү кеңешке мөөнөтүнөн мурда шайлоону дайындайт.

Бул мыйзам менен мэрди, айыл өкмөтүнүн башчысына прокуратура органдары тарабынан белгиленген, же мамлекеттик ыйгарым укуктары берилген мыйзамдарды, Президенттин жана Өкмөттүн ченемдик укуктук актыларын аткарбагандыгы же талаптагыдай эмес аткаргандыгы үчүн шаардык кеңештин депутаттарынын жалпы санынын көпчүлүгүнүн макулдугу менен, а прокуратура органдары тарабынан белгиленген мыйзамдарды, Президенттин жана Өкмөттүн ченемдик-укуктук актыларын кайра бузуу фактылары ачылганда, шаардык кеңештин депутаттарын кабардар кылуу менен кызматтан бошотуут деген ченем “эгерде шаар мэри, айыл өкмөтүнүн башчысына кабыл алынган чечимдин мыйзамдуулугу жөнүндө арыз менен сотко кайрылса, жаңы шайлоону дайындоо сот арызды биротоло карап бүткөнгө чейин токтотулуп турат” деген сөздөр менен  толукталганын кошумчалайбыз. 

3. Жергиликтүү өз  алдынча башкаруу органдарынын ишинин  маселелери боюнча “Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө” Кыргыз Республикасынын 2019-жылдын 8-августундагы № 115 Мыйзамы. 

Бул мыйзам менен Кыргыз Республикасынын: «Жергиликтүү өз алдынча башкаруу» жөнүндө», «Жергиликтүү кенештин депуттарынын статусу жөнүндө», «КР ченемдик укуктук актылары жөнүндө» жана  «КР ЖК Регламенти жөнүндө» Мыйзамдарына төмөнкүү маселелер боюнча тиешелүү өзгөртүүлөр киргизилген.

1. „Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө“ Мыйзамынын 9-беренесине ылайык, жергиликтүү коомдоштуктардын кызыкчылыктарын түздөн-түз козгогон маселелер боюнча чечимдерди даярдоодо жана кабыл алууда мамлекеттик бийлик органдары мыйзам менен белгиленген тартипте жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жана алардын ассоциациялары жана жергиликтүү коомдоштуктардын бирликтери менен консультацияларды жана талкуулоолорду жүргүзүшөт  деген ченем толук кандуу иштебей келген. Иш жүзүндө ченем чыгаруучу мамлекеттик органдар ченемдик укуктук актылардын (ЧУА) долбоорлорун даярдоодо Жергиликтүү өз алдынча башкаруу (ЖӨБ) органдарынын, ошондой эле алардын ассоциацияларынын/бирликтеринин пикирлерин дээрлик  эске алышпаган. 
Ошол себептен, «Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө» Мыйзамынын талаптарын күчтөнтүүнүн максатында мамлекеттик ченем чыгаруу органдарына карата, ЖӨБ органдары жана/же алардын ассоциациялары жана бирликтери менен консультацияларды жана талкуулоолорду өткөрүү, ЧУАнын долбоорлорунун маалымат-негиздемелеринде ЖӨБдүн тиешелүү органдары жана/же алардын ассоциациялары бирликтери менен бирге өткөрүлгөн консультациялардын жана талкуулоолордун жыйынтыктарын чагылдыруу боюнча талаптар «КР ченемдик укуктук актылары жөнүндө» жана  «КР ЖК Регламенти жөнүндө» Мыйзамдарына  дагы киргизилди.
2. Бул мыйзам расмий күчүнө киргенге чейин жергиликтүү ченем чыгаруу демилгесинин укуктарына жергиликтүү жамааттын үчтөн биринен кем эмес мүчөсү ээ болсо, эми мындай укукка ээ болгон  жергиликтүү коомдоштуктун мүчөлөрүнүн саны тиешелүү административдик-аймактык бирдиктеги калктын санын эске алуу менен төмөнкүдөй белгиленди: 
1)Бишкек, Ош шаарларында — 5000 мүчө;
2) шаардык жана айылдык кеңештер (административдик-аймактык бирдиктеги калктын саны боюнча жылдын 1-январына карата статистикалык маалыматтарга ылайы):
6 000ге чейин — 300 мүчө;
6 001ден 20 000ге чейин — 600 мүчө;
2001ден жана андан жогору — 1000 мүчө деп аныкталган.

3.Мыйзам менен жана  жергиликтүү кеӊештердин ишмердигинин уюштуруучулук негиздери боюнча бир катар өзгөртүүлөр киргизилген.
1) Шаардык кеӊештин депутаттары фракциялардын көпчүлүк коалициясына бириккен учурда бюджет жана финансы боюнча туруктуу комиссиянын төрагалыгы, шаардык кеӊеште азчылыктагы фракция же фракциялар коалициясы болбогон учурларды кошпогондо, азчылыктагы фракцияга же фракциялар коалициясына берилет. 
Шаардык кеңештин бюджет жана финансы маселелерин жүргүзүүчү туруктуу комиссиясынын төрагасы, шаардык кеӊеште азчылыктагы фракция же фракциялар коалициясы болбогон учурларды кошпогондо, азчылыктагы фракциянын же фракциялар коалициясынын өкүлдөрүнүн ичинен шайланат.
Туруктуу комиссиянын төрагасын шайлоо жөнүндө чечим тийиштүү жергиликтүү кеӊештин токтому менен жол-жоболоштурулат.
Шаардык кеңештин бюджет жана финансы маселелери боюнча туруктуу комиссиясынын курамы шаардык кеӊешти түзүүчү бардык фракциялардын же фракциялар коалициясынын мүчөлөрүнөн түзүлөт.
2) Жергиликтүү кеңештин туруктуу комиссиялары өз ишинин негизги багыттары боюнча кичи комиссияларды түзө алат.
Жергиликтүү кеңештин туруктуу комиссиялары туруктуу негиздеги Өкмөт тарабынан белгиленген тартипте жергиликтүү кеңеш кабыл алган ченемдик укуктук актылардын майнаптуулугун жана натыйжалуулугун аныктоо максатында аларга мониторинг жана баалоо жүргүзүшөт.
Туруктуу комиссиялар ченемдик-укуктук актыларга мониторинг жана баалоо жүргүзүү үчүн көз карандысыз эксперттерди, жарандык коомдун өкүлдөрүн жана жергиликтүү жамааттын мүчөлөрүн тартууга укуктуу.
Ченемдик укуктук актылардын мониторингин жана баа берилишин жүзөгө ашырууда көз карандысыз эксперттер жана жарандык коомдун өкүлдөрү тартылат.
Ченемдик укуктук актылардын натыйжалуулугунун жана алардын таасиринин жыйынтыктарынын төмөндүгүн күбөлөндүргөн ЧУАнын мониторинги жана баа берилиши жөнүндө маалымат, ченемдик укуктук актыларга өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү, же жаңы ченемдик укуктук актыларды кабыл алуу үчүн негиз болуу менен коомдук мамилелердин аталган чөйрөсүнүн натыйжалуу жөнгө салынышына өбөлгө түзөт.
3) "Жергиликтүү кеңештин карамагына кирген маселелер тиешелүү туруктуу комиссиялар тарабынан алдын ала каралбай туруп, жергиликтүү кеңештин сессиясында каралышы мүмкүн эмес" деген жаңы ченем киргизилди;
4) ЖӨБ органдарынын ЧУА долбоорлорун расмий жарыялоо мүмкүнчүлүктөрүн жакшыртуу боюнча маселелерди толук кандуу чечүү үчүн ЖӨБ органдарынын ЧУАсын расмий жарыялоо ыкмаларына, алардын тексттерин атайын көрүнүктүү жерлерге (маалыматтык такталарга, дубалдарга) тикелей жайгаштыруу ыкмасы кошулду. Бул интернет байланышы менен камсыз болбогон аймактар үчүн маанилүүт ыкма.
Мындай ыкма ЖӨБ органдарынын кабыл алынган же кабыл алынуучу ченемдик укуктук актыларына жергиликтүү калктын реалдуу жеткиликтүүлүгүн камсыз кылууга өбөлгө түзөт жана иш жүзүндө калктын маалымдуулугун жакшыртуу менен ЖӨБ органдарынын убактысын жана ресурстарын үнөмдөйт.
    5) Бул мыйзам кабыл алынганга чейин  айылдык кеңештердин ишин уютуруу айыл өкмөтүнүн аппаратына  жүктөлүп келген. Эми бул маселе төмөнкүчө чечимекчи:
Учурдагы жылдын 1-январына карата калктын санын эске алуу менен тиешелүү ААБ АК ишиш уюштуруу төмөнкүлөргө жүктөлөт:
-6000 адамдан аз аймакта – айыл өкмөтүнүн аппаратына;
-6001 адамдан жогору- АК жооптуу катчысына;
-20001 адамдан аз аймактарда- АК төрагасы -милдеттин коомдук башталышты аткарат;
-20001 адамдан көп аймактарда- АК төрагасына кызматына 2020 жылдын 1-июлунан баштап  райондук маанидеги шаарлардынкеңештеринин төр агаларынын айлык маянасынын деңгээлднги айлык акы төлөнөт.  
    
4. Жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын чечимдеринин түрлөрү такталды. 
Жергиликтүү кеңештин чечимдери мындан нары токтом жана буйрук түрүндө чыгарылат(мурда мыйзамда токтом гана көрсөтүлгүн эле) ага жергиликтүү кеңештин төрагасы тарабынан, ал эми ал жок болгон учурда - жергиликтүү кеңештин төрагасынын орун басары тарабынан кол коюлат.
 Жергиликтүү кеңештин токтому - ченемдик укуктук актылардын негизинде жана аларды аткаруу үчүн жергиликтүү кеңеш тарабынан өз компетенциясынын чегинде кабыл алынган жана тиешелүү аймакта милдеттүү түрдө юридикалык күчкө ээ болгон ченемдик укуктук акт.
Жергиликтүү кеңештин тескемеси - ченемдик укуктук актылардын негизинде жана аларды аткаруу үчүн жергиликтүү кеңеш тарабынан кабыл алынган жана тиешелүү аймакта милдеттүү түрдө юридикалык күчкө ээ болгон уюштуруу-тескөө мүнөзүндөгү акт.
Жергиликтүү кеңештин тескемеси, эгерде актынын өзүндө башкача каралбаса, кабыл алынган күндөн тартып күчүнө кирет.
Жергиликтүү кеңештин төрагасынын ыйгарым укуктарынын чегинде ыкчам, уюштуруу жана кадр маселелери боюнча кабыл алынган чечимдери тескеме түрүндө жеке өзү гана тарабынан кабыл алынат.
Жергиликтүү кеңештин төрагасынын тескемеси, эгерде актынын өзүндө башкача каралбаса, кабыл алынган күндөн тартыл күчүнө кирет.
Жергиликтүү өз алдынча башкаруунун аткаруу органдарынын (мэриянын, айыл өкмөтүнүн) компетенциясына таандык маселелер боюнча анын чечимдери токтом жана тескеме түрүндө кабыл алынат, эгерде актынын өзүндө башкача каралбаса, алар кол койгон күндөн тартып күчүнө кирет.
5. Мэрирянын, айыл өкмөтүнүн токтомдору - алардын  компетенциясына таандык маселелер боюнча ченемдик укуктук актылардын негизинде жана аларды аткаруу үчүн мэр, айыл өкмөтүнүн башчысы тарабынан кабыл алынган жана тиешелүү аймакта милдеттүү юридикалык күчкө ээ болгон акт.
6. Мэрирянын, айыл өкмөтүнүн  тескемелери – алар тарабынан ыйгарым укуктарынын чектеринде ыкчам, уюштуруу жана кадр маселелери боюнча кабыл алынган уюштуруу-тескөө мүнөзүндөгү акт.
Мындан сырткары  бул мыйзам менен  айыл өкмөттөрү үчүн  регламенттин болушу шарт болуп калды. Айыл өкмөтүнүн регламентинде Жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын ишин жөнгө салуу чөйрөсүндөгү Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында каралган айыл өкмөтүнүн ыйгарым укуктарын ишке ашыруу боюнча анын ишин уюштуруу эрежелери, айыл өкмөтүнүн аппаратында документтер менен иштөөнү уюштуруу жана анын ишин документтер менен камсыз кылуу боюнча негизги талаптар белгиленет.

4.  2019-жылдын 8-августундагы № 113 "Аскердик наамдарды, класстык чендерди, атайын класстык чендерди жана атайын наамдарды белгилөө жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу” Кыргыз Республикасынын Мыйзамы жөнүндө.
Аталган Мыйзам «Аскердик наамдарды, класстык чендерди, атайын класстык чендерди жана атайын наамдарды белгилөө жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын жоболорун «Мамлекеттик жарандык кызмат жана муниципалдык кызмат жөнүндө» жана «Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеӊешинин депутатынын статусу жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамдарына ылайык келтирүүгө багытталган жана саясий мамлекеттик кызмат орундарын, атайын мамлекеттик кызмат орундарын,&l

Жаңылыктар түрмөгүнө кайра баруу
Вверх