Агенттикте мамлекеттик жана муниципалдык кызматкерлердин кесиптик майрамы белгиленди.

Агенттикте мамлекеттик жана муниципалдык кызматкерлердин кесиптик майрамы белгиленди.

 Бүгүн Агенттикте Кыргыз Республикасынын мамлекеттик жана муниципалдык кызматкерлердин кесиптик майрамы белгиленди. Иш чарага Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн жана министрлик ведомстволордун өкүлдөрү катышышты. Майрамдык иш чарда Агенттиктин директору Бахтияр Салиев жалпы кесиптештерди куттуктап, жергиликтүүөз алдынча башкарууну өнүктүрүүгө кошкон салымдары үчүн ведомстволук сыйлыктар менен сыйлады. Куттуктоосунда төмөндөгүдөй айтылат.

"Урматтуу кесиптештер, Сиздерди кесиптик майрамыңыздар менен Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Жергиликтүү өз алдынча башкаруу иштери жана этностор аралык мамилелер боюнча мамлекеттик агенттигинин эмгек жамаатынын атынан жана өзүмдүн атымдан куттуктайм.
Муниципалдык кызматкерлердин талбас аракети менен жергиликтүү иштерди башкаруунун жетишээрлик  натыйжалуу системасы түзүлүп, Жергиликтүү өз алдынча башкаруу тутуму Борбор Азия мамлекеттеринин арасында алдыӊкы сапта десек болот.
Кыргыз Республикасынын Президенти Сооронбай Шарипович дагы өлкөбүз үчүн аймактардын өнүгүүсү маанилүү экенин белгилеп эки жылдан бери аймактарды өнүктүрүү деп жарыялоо менен сиздерге болгон чоӊ колдоосун көрсөтүп келет. Чындыгында айылдардын өнүгүшүнөн биз өлкөнүн өнүгүүсүн көрө алабыз. 
Сиздерге, мамлекетибиздин өнүгүүсүнө өлчөөсүз салым кошуп, элибиздин татыктуу жашоосуна шарт түзүп, сапаттуу кызмат көрсөтүп,   жигердүү  эмгектенип жатканыңыздарга ыраазычылык айтып, мындан ары да жергиликтүү өз алдынча башкаруу багытындагы жүргүзүлүп жаткан реформаларды жүзөгө ашыруу, муниципалитеттердин макамын  жогорулатуу сыяктуу маселелер ар дайым мамлекеттин колдоосунда болоорун билдирем. 
Урматтуу жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарындагы кызматкерлер, Сиздерди дагы бир жолу кесиптик майрамыңыздар менен  кызуу куттуктап,  барыңыздарга бакубат турмушту, чың ден-соолукту,  үй-бүлөөлүк бакыт  таалайды каалаймын".
 
Куттуктоосунун аягында Агенттиктин директору Аймактарды өнүктүрүү жана санариптештирүү жылындагы аткарылып жаткан иштерден маалымат берип өттү.

        Мамлекет башчынын “2019-жылды аймактарды өнүктүрүү жана санариптештирүү жылы” деп жарыялоо жөнүндөгү Жарлыкты ишке ашыруу максатында Агенттик тарабынан жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарына аймактарды өнүктүрүүгө көмөк көрсөтүү боюнча бир катар иштер жүргүзүлүп, азыркы учурда иштер уланууда.   
Бүгүнкү күндө республика боюнча 484 жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары тарабынан жергиликтүү маанидеги маселелерди чечилип, алардын жергиликтүү жамааттын күнүмдүк жашоосундагы ролу өсүп, калктын жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарына болгон ишеним деңгээли өсүүдө.
    Муниципалдык менчиктеги мүлктөрдүн маалыматтык базасын автоматташтыруу максатында Агенттик тарабынан муниципалдык мүлк боюнча бирдиктүү маалыматтар базасын түзүүнү пландаштырып, алгачкы иштер жасалууда. Аталган тутум ишке киргенде жергиликтүү коомчулуктун алдында ачыктыкты камсыздайт.
    Агенттик тарабынан айыл аймактарда жайгашкан калктуу конуштарды ирээтке келтирүү максатында бир катар иштер жүрүүдө. Учурда, айыл категориясына киргизилбеген 202 калктуу конуштардан, мыйзам ченеминде толук келип түшкөн документтердин негизинде 2018-жылы даярдалган 36 калктуу конушка айыл макамын берүү боюнча мыйзамдардын долбоорлору Жогорку Кеңештин жыйынында экинчи  окуудан өттү.
Азыркы учурда Кыргыз Республикасынын Жергиликтүү өз алдынча башкаруусунун Кодекси иштелип жатат. Бул Кодексти иштеп чыгуунун максаты Кыргыз Республикасынын Конституциясынын жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө ченемдерин турмушка толугураак ашыруу, тармактык мыйзамдардын ченемдерине караганда жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө мыйзамдардын ченемдерине артыкчылык (приоритет) берүү болуп эсептелет. 
Аталган максатты ишке ашыруу үчүн курамына мамлекеттик органдардын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын жетекчилери жана адистери,  Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттары, көз карандысыз эксперттер жана жарандык коомдун өкүлдөрү кирген ведомстволор аралык жумушчу тобун  түзүү тууралуу Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн буйругу даярдалды, жакынкы күндөрү кол коюлат.
Кыргыз Республикасынын Премьер-министри М.Абылгазиевдин 2018-жылдын 14-сентябрындагы №319-р буйругунун негизинде, «Менин айылым» аттуу долбоор боюнча биздин Агенттик менен  Корея Республикасынын эл аралык кызматташтык агенттиги – “Койканын” ортосунда кызматташуу боюнча эки тараптуу кол коюлган меморандумдун негизинде “Койка” тарабынан сунушталган долбоордо Кыргызстандын 30 айыл аймагына, 4 жыл ичинде жалпысынан 3,5 млн. доллар өлчөмүндө каражат каралган. Каражаттын 54 пайызы айылдардын инфраструктурасын жакшыртууга жумшалат. 
Жакында координациялык комитеттин чечими менен Ош облусунан 15, Баткен облусунан 12 жана Чүй облусунан 3 айыл тандалып алынды. Жакын арада тандалган айылдардан лидерлерди окутуу жүргүзүлүп, долбоордун алгачкы этабы башталат.
Агенттиктин демилгеси, Ханнс Зайдель фондусунун (Германия, Бавария) каржылоосу менен  Чүй облусунун аймагында 10-июндан баштап жергиликтүү кеӊештин депутаттарын окутуу иштери жүрүүдө. Андан тышкары Жергиликтүу өз алдынча башкаруу органдарынын ишмердүүлүгүндөгү актуалдуу маселелер жана мамлекеттик сатып алуулар боюнча республиканын 7 облусунда окуутуулар өтүүдө.
Бул окутуулардан жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын кызматкерлери, кеӊештердин депутаттары өз дараметтерин жогорулатып, кийинки иштери чоӊ пайдасын берээрин ишеним менен белгилешүүдө.

Жаңылыктар түрмөгүнө кайра баруу
Вверх