Айыл аймактарды санариптештирүү боюнча меморандумга кол коюлду!!!

Айыл аймактарды санариптештирүү боюнча меморандумга кол коюлду!!!

Кыргыз Республикасынын Президентинин "2019-жылды, региондорду өнүктүрүү жана өлкөнү санариптештирүү жылы" - деп жарыялоо жөнүндө Жарлыгын ишке ашыруу жана Кыргыз Республикасынын Коопсуздук Кеңешинин 2018-жылдын 14-декабрындагы №2 чечими менен жактырылган "Санарип Кыргызстан 2019-2023" трансформациялоо концепциясынын Жол картасын ишке ашыруу боюнча иш-чаралар планындагы Агенттикке тиешелүү иш-чараларын аткаруу максатында Кыргыз Республикасынын жергиликтүү өз алдынча башкаруу  органдарынын ишмердүүлүгүн санариптештирүү менен мамлекеттик Түндүк маалымат алмашуу системасына кошуу пландалган.

Бул багытта "Санарип Аймак"  чарба китебин санариптештирүү программасын иштеп чыгуу каралып, иштер жүргүзүлдү. Бул маалыматтык тутум ишке киргенде муниципалдык кызматтардын төрт  түрү автоматташып, мамлекеттик органдар менен жергиликтүүөз алдынча башкаруу органдарынын маалымат алмашуусу онлайн режимине чыгат.

Ушуга байланыштуу азыркы учурда "Санарип аймак" чарба китебин тиешелүү деңгээлде иштеп чыгуу жана ченемдик укуктук актылар менен  бекитүү максатында Кыргыз Республикасынын Улуттук статистика комитети менен биргеликте Меморандумга кол кою демилгеси көтөрүлүп, бүгүн бул кол коюу иш чарасы болуп өттү.

Жаңылыктар түрмөгүнө кайра баруу
Вверх