"Менин айылым" долбоору боюнча 30 айыл тандалып алынды!

"Менин айылым" долбоору боюнча 30 айыл тандалып алынды!

2019-жылдын 29-май күнү "Моё село (Менин айылым)" долбоору боюнча Координациялык комитеттин отуруму болуп өттү, отурумда 30 пилоттук айылдардын тизмеси бекитилди. Долбоор Агенттик менен Кореялык эл аралык кыматташтык агенттигинин ортосундагы 2018-жылы кол коюлган Меморандумдун негизинде ишке ашырылууда.

Долбоордун максаты коомчулуктун катышуусунун негизинде айыл жеринде жашаган элдин жашоо шартын жакшыртуу, тажрыйбаларды жайылтуу үчүн бир катар пилоттук айылдардын моделин түзүү болуп саналат.

бекитилген 30 айылды өнүктүрүүгө 2019-2022-жылдарга 3.5 млн. АКШ доллар өлчөмүндө гранттык жардамдар бөлүнөт.

Үстүбүздөгү жылдын апрель айында Кыргыз жана Корея тараптарынын өкүлдөрүнөн турган топ, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Баткен, Ош жана Чүй облустарындагы ыйгарым укуктуу өкүлчүлүктөрү жана аталган 3 облустардагы райондук мамлекеттик администрациялары тарабынан сунушталган долбоордун критерийлерине туура келген 57 айылга изилдөө жүргүзүшкөн. Изилдөөнүн жыйынтыгы менен 30 айыл аныкталды алардын ичинен Баткен облусунан 12 айыл, Ош облусунан 15 айыл жана Чуй облусунан 3 айыл аныкталды.

Координациялык комитеттин курамына Агенттиктин, Кыргыз Республикасынын экономика министрлигинин, Кыргыз Республикасындагы Корея республикасынын элчилигинин, Кореялык эл аралык кызматташтык агенттигинин жана Гуд Нейборс уюмунун өкүлдөрү киргиен.

Жаңылыктар түрмөгүнө кайра баруу
Вверх