2018-жыл Аймактарды өнүктүрүү жылынын жыйынтыгы жана 2019-жылга карата милдеттери !

2018-жыл Аймактарды өнүктүрүү жылынын жыйынтыгы жана 2019-жылга карата милдеттери !

Жалпысынан жергиликтүү өз алдынча башкаруунун укуктук ченемдик негизин өнүктүрүү максатында 2018-жылы жана 2019-жылдын 3 айында 25 ченемдик укуктук актылардын жана Өкмөттүн 6 буйругунун долбоорлору иштелип чыгып, анын ичинен 4 мыйзамдын долбоору, 11 токтом жана 6 буйрук кабыл алынган. 
Агенттик тарабынан Жергиликтүү өз алдынча башкарууну өнүктүрүүнүн 2018-2023 жылдарга карата программасы жана аны ишке ашыруудагы Иш-аракеттер планын долбоору иштелип чыгып, Өкмөттүн 2018-жылдын 31-октябрындагы № 513-токтому менен бекитилген. 
Программа жергиликтүү жамааттын мүчөлөрүнүн жергиликтүү маанидеги маселелерди чечүүгө катышуу деңгээлдерин жогорулатууга; жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын камсыз кылынышын, туруктуулугун жана кадыр-баркын чыңдоого багытталып, аны  ишке ашыруу дагы Иш-аракеттер планында 23 иш-чаралар каралган.  Бул иш-чараларды өткөрүүдө Агенттик башка мамлекеттик органдары менен биргеликте иш жүргүзөт.
Кыргыз Республикасындагы административдик-аймактык бирдиктерди оптималдаштыруу максатында 2018-жылдын 24-сентябрындагы №189 Кыргыз Республикасынын Президентинин Жарлыгынын негизинде Өкмөттүн 2018-жылдын 28-сентябрындагы №342-р буйругу менен республикада административдик-аймактык реформаны жүргүзүү боюнча сунуштарды иштеп чыгуу максатында жумушчу топ түзүлгөн.
Азыркы учурда административдик-аймактык түзүлүштөрдү реформалоону этабы менен өткөрүү үчүн Жол картасы бекитилип, Административдик-аймактык реформаны даярдоо жана жүргүзүү боюнча Координациялык кеңешин түзүлүп, административдик-аймактык түзүлүшүнө байланышкан реформаларга тарыхый талдоо, жана башка реформага байланышын методологиялык талдоо боюнча иштери пландаштырылган.
Айыл аймактарда жайгашкан калктуу конуштарды иретке келтирүү максатында, республикадагы айрым калктуу конуштарын айыл категориясына киргизүү жөнүндөгү маселеси Администрациялык-аймактык түзүлүштөрдүн маселелерин жана географиялык аталыштарын кароо боюнча ведомстволор аралык комиссиянын Жобосуна ылайык жүргүзүлөт. 
Агенттик тарабынан 2015-2017-жылдары Жобого ылайык облустардан даярдалып келип түшкөн тиешелүү документтер, аталган ведомстволор аралык комиссиянын кароосуна өткөрүлүп, айрым калктуу конуштарын айыл категориясына киргизүү (“айыл” макамын берүү) жөнүндөгү  4 мыйзам долбоору даярдалып, алардын негизинде Ош, Жалал-Абад жана Баткен облустарындагы 21 калктуу конушка айыл макамы берилген.
Айыл категориясына киргизилбеген 202 калктуу конуштардан, мыйзам ченеминде толук келип түшкөн документтердин негизинде 2018-жылы даярдалган 36 калктуу конушка айыл макамын берүү боюнча мыйзамдардын долбоорлору Жогорку Кеңештин жыйынында биринчи окуудан жактырылды. 
Бүгүнкү күндө Баткен, Жалал-Абад, Нарын жана Ош облустарынын 16 калктуу конушуна айыл макамын ыйгаруу боюнча жаңы келип түшкөн документтерин, Өкмөттүн ведомстволор аралык комиссиянында каралып, министрликтер менен ведомстволордун макулдашуусунан өтүүдө. 
Жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын ишин өркүндөтүү, жергиликтүү коомчулуктун алдында алардын жоопкерчилигин күчөтүү боюнча, алардын ишине дем берүү жана эң алдыңкы тажрыйбаларды жайылтуу максатында, Өкмөттүн 2013-жылдын 9-апрелдеги № 181 токтому менен «Эң мыкты айыл өкмөтү» наамына жалпы мамлекеттик сынакты өткөрүү тартиби жөнүндө жобонун талаптарына ылайык 2017-жылдын жыйынтыгы менен «Эң мыкты айыл өкмөтү» наамына жалпы мамлекеттик сынак комиссиясынын кароосуна облустар тарабынан жалпысынан 13 айыл өкмөтү сунушталып, жыйынтыгында, сынактын жеңүүчүсү болуп 6 айыл өкмөтү аныкталып, байгелер ыйгарылды. Негизинен 2014-жылдан бери 22 айыл өкмөт жеңүүчү катары байгелер ыйгарылган. 
2018-жылы сынактын жеңүүчүсү Кудургу айыл өкмөтүнүн базасында Ысык-Көл, Нарын облустарынын айыл өкмөттөрүнүн башчыларынын катышуусу менен тажрыйба алмашуу семинарын өткөрүлдү. Ошондой эле 2019-жылы Суусамыр айыл өкмөтүнүн базасында Чүй, Талас айыл өкмөттөрүнүн башчыларына семинар өткөрүү пландаштырылууда.
Быйылкы жылы мамлекеттик сынак 2018-жылдын жыйынтыгы менен өткөрүлөт. Бүгүнкү күндө облустарда сынакка катыша турган айыл аймактардын сунуштар топтолууда.
Негизинен, Региондорду өнүктүрүү жылында айыл аймактар жана шаарларда аткарылган иштер боюнча жалпылап айта кетек, 22 мектеп толугу менен бүтүп, 20 окуу корпусу; 26 спорттук залдар бүткөрүлүп, 6 бала бакча, 8 спортзал жана спорткомплекс, 5 саламаттык сактоо объектилери, 1 маданий объект, 4 суу менен камсыздоо объектилери ишке киргизилди.
Ал эми капиталдык оңдоп-түзөө жумуштары 27 мектепте, 2 бала бакчада, 3 саламаттык сактоо объектиси, 4 маданият объектиси бүткөрүлгөн,
Суу менен камсыздоо тармагында 17 объекти бүткөрүлгөн, облустар боюнча: Чүй облусу боюнча 3; Баткен облусу боюнча 1; Жалал-Абад облусу боюнча 1 Нарын облусу боюнча 4, Ысык-Көл облусу боюнча 2, Ош облусу боюнча 5, Талас облусу боюнча 1.
Ошондой эле, жергиликтүү өз алдынча башкаруу чөйрөсүндө алдыңкы тажрыйбалар жайылтуу жана алардын ишин координациялоо максатында Агенттиктин алдында Эл аралык уюмдардын Координациялык кеңеш түзүлүп, өз үзүрүн берүүдө.
2018-жылы Корея мамлекетинин эл аралык кызматташуу агенттиги (КОЙКА) менен Агенттиктин ортосунда “Менин айылым” долбоору алкагында меморандум түзүлүп, кол коюлду.Долбоордун алкагында Бактен, Ош, Чүй облустарынын 30 айылын өнүктүрүүгө 3 жылдын ичинде 241,5млн.сом (3,5 млн. АКШ доллары) каралат. 
Агенттиктин Корея Республикасынын «Семайыл Ундонг» кыймылынын долбоору менен кызматташтыгынын натыйжасында 2018-жылы Чүй облусунун 4 айылга жалпысы 300 000 (үч жүз миң) доллар ченеминде айылдардагы калктын жашоо деңгээлин көтөрүү максатында акчалай каражат жардам көрсөтүлгөн. Ал жардамдар айылдардагы социалдык объектилердин имараттарын курууга, оңдоп-түзөө иштерине, фермердик чарбаларды өнүктүрүүгө багытталып, айылдардын кирешесин өстүрүүдө.
“Жергиликтүү башкаруунун негизинде кызматты жакшыртуу” ("Улучшение услуг на местном уровне") долбоору ХЕЛЬВЕТАС Швейцария мамлекети тарабынан каржыланат. Долбоор боюнча Ысык-Көл, Жалал-Абад облустарынын 30 айыл өкмөттөрүнө баардыгы 97,8 млн.сом каралып, иштер жүргүзүлүүдө.
GIZ Германия кызматташтыгы тарабынан Нарын, Талас, Ысык-Көл, Чүй, Джалал-Абад облустардында 48 айыл өкмөттөрүндө “Жаштарга келечек” деген 67 долбоордун алкагында жалпы бюджети 8,7 млн. сом каралган иш жүргүзүлдү. 
Кыргыз Республикасынын өкмөтүнүн 2018-жылдын 5-январындагы №5-токтому менен бекитилген өзгөчө статусу бар айрым чек ара аймактарынын коопсуздугун камсыздоо жана социалдык-экономикалык жактан өнүктүрүү боюнча мамлекеттик программанын экинчи этабын ишке ашырууга карата 2018-2020-жылдарга иш-чаралар планы түзүлүп, 296,2 млн. сом акча каражаты каралган. 
Ал эми 2018-жылга карата 22 иш-чараны аткарууга 98,7 млн. сом каралып, жалпысынан 60,1 млн. сом акча каражаты республикалык бюджеттин эсебинен жооптуу аткаруучу органдарга бөлүнүп берилген. 
Мисалга алсак, Лейлек районунун Жаңы-Жер айыл аймагына караштуу Борбордук жана Арка-2 айылдарын суу менен камсыз кылуучу “Арка” суу түтүктөр тутумунун негизги курулуш иштерин реконструкциялоону аяктоо үчүн республикалык бюджеттен 5,1 млн. сом бөлүнүп, объект 2019-жылдын 15-февралында пайдаланууга берилди.
Бүгүнкү күнү 453 айыл өкмөттүн 79 өзүн-өзү камсыз кылган абалда, ал эми 374 же 82,5% дотациялык абалда. Шаарларда абал жакшыраак болуп 31 шаардын 29у өзүн өзү камсыз кылган абалда, ал эми 2 шаар (Көк-Жангак менен Айдаркен) дотациялык абалда.
2019-жылга 8 айыл өкмөт дотациялык абалдан чыккан, ал эми 4 өзүн – өзү камсыз кылган айыл өкмөттөр дотациялык абалда болуп калган. 
Дотациялык абалга өтүүгө негизинен айыл өкмөттөрдүн чыгаша бөлүгү өсүп, теңдөөчү гранттардын берилишине байланыштуу болгон.
Айыл өкмөттөрдү дотациялык абалдан чыгаруу жана жергиликтүү бюджеттерди чыңдоо максатында киреше салыгынын ченемин жергиликтүү бюджеттердин пайдасына 2019-жылы 70%,  2020 – жылы 85%, ал эми 2021 - жылы - 100%га чейин көтөрүү сунушу  Агенттик түзгөн жумушчу топтун ишинин алкагында иштелип чыкты. Бул сунуштар “2019-жылга республиканын бюджети жана 2020-2021- жылдарга болжолу жөнүндө Кыргыз Республикасынын Мыйзамы менен каралды.
Мындан тышкары, бүгүнкү күндө, жергиликтүү бюджеттин болжолдуу 40% каражаты мектептерди жана бала бакчаларды камсыздоо жана кармоо багытына жумшалат (булар: электроэнергия, көмүр, ремонт, чарбалык иштер ж.б.). эгерде республикалык бюджетке өткөрүлүп берилген болсо, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын жергиликтүү маанидеги маселелерди чечүүгө мүмкүнчүлүгү көбөйөт.
Ушуга байланыштуу Финансы министрлиги менен талдоо иштери жүргүзүлүп, жыйынтыгында жергиликтүү бюджеттен республикалык бюджетке которгон учурда республикалык бюджеттен керектелүүчү каржаттын көлөмү эсептелүүдө.
Агенттик тарабынан муниципалдык менчиктеги кыймылсыз мүлктөргө инвентаризация жүргүзүлүп, жыйынтыгы менен 13072 объект муниципалдык менчикте болсо, 9499 (73%)  каттоодон өткөн, 3573 (27%) объект каттоодон өтө электиги аныкталган.
Муниципалдык менчиктеги кыймылсыз мүлкттөрдүн санын так аныктоо  максатында Агенттик жана Кадастр жана кыймылсыз мүлккө укуктарды катоо департаментинин биргелешкен иш планы бекитилген. Мындан тышкары, муниципалдык мүлктүн эсесбин алууну автоматташтыруу боюнча иштер жүргүзүлүп жатат.
Ыйгарым укуктары жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарына өткөрүлүп берилүүчү мамлекеттик органдардын жана ыйгарым укуктардын тизмеги бекитилген. Ал тизме Финансы министрлиги тарабынан кайрадан каралып чыгып, жалпысынан тизмеге 4 мамлекеттик орган, тиешелүү ыйгарым укуктары менен сунушталып жатат:
- Улуттук статистика комитети;
- Салык кызматы; 
- Эмгек жана социалдык өнүгүү министрлиги;
- Мамлекеттик каттоо кызматы.
    Бүгүнкү күнү Улуттук статистика комитети гана ыйгарым укуктарын Жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарына өткөрүп берген.
2018-жылы мамлекеттик органдар менен жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын функцияларын жана ыйгарым укуктарын бөлүштүрүү максатында иш-чаралар планы иштелип чыгып, бекитилген. 
Финансы министрлиги 2019-жылга мамлекеттик ыйгарым укуктарды аткарууга республикалык бюджетте 551,0 млн сом акча каражат караган.
Жергиликтүү бюджетинин тартыштыгына байланыштуу генералдык пландарды иштеп чыгуу маселе жаратып келет. Республикада 31 шаар болсо анын 20 генералдык пландар жок. 1905 айыл болсо, 1792 айылда генералдык пландар жок. Болжол менен шаар үчүн генералдык планды иштеп чыгуу үчүн 10,0 млн.сом, айыл үчүн 2,0 млн.сомго чейин каражат керектелет.
Өкмөттүн 2017-жылдын 17-августундагы №490 токтомуна ылайык калктуу конуштардын башкы пландарын иштеп чыгууга 50,0 млн (элүү миллион) сомдон кем эмес өлчөмдө акча каражаты 2018-2019-жылдарга республикалык бюджеттен каралган.
    Кийинки калкттуу конуш жана шаарларга республикалык бюджеттен генералдык пландарды иштеп чыгууга 5,0 млн.сом өлчөмүндө 10 шаарга каралган.
 

Жаңылыктар түрмөгүнө кайра баруу
Вверх