Айрым жергиликтүү кеңештерге шайлоолор болот.

Айрым жергиликтүү кеңештерге шайлоолор болот.

Кыргыз Республикасынын Президентинин 2019-жылдын 18-мартындагы №41 “Кыргыз Республикасынын Баткен, Нарын, Ош, Талас жана Чүй облустарынын айрым жергиликтүү кеңештеринин депутаттарын шайлоону дайындоо жөнүндө”  Жарлыгынын негизинде төмөндөгү көрсөтүлгөн жергиликтүү кеңештин депутаттарынын мөөнөтү бүткөндүгүнө байланыштуу  шайлоолор 2019-жылдын 19-майына белгиленди.
    Алар төмөндөгү айылдык кенештер болуп саналат:
-    Баткен облусунун Баткен районунун Самаркандек, Ак-Сай, Ак-Татыр;
-    Нарын облусунун Жумгал районунун Көк-Ой;
-    Ош облусунун Кара-Кулжа районунун Кеңеш, Алай районунун Кабылан-Көл, Ноокат районунун Исанов, Кара-Суу районунун Отуз –Адыр;
-    Талас облусунун Кара-Буура районунун Шекер, Бейшеке, Бакыян; 
-    Чүй облусунун Жайыл районунун Кызыл-Дыйкан.
Ошондой эле Кыргыз Республикасынын Президентинин 2019-жылдын 4-апрелиндеги Жарлыгына ылайык Чүй облусунун Аламүдүн районунун Байтик айылдык кеңеши таркатылып, аталган жергиликтүү кеңешке мөөнөтүнөн мурда шайлоо 2019-жылдын 19-майына дайындалды.
 

Жаңылыктар түрмөгүнө кайра баруу
Вверх