Республикада 36 калктуу конушка айыл макамы берилет!

“Кыргыз Республикасынын администрациялык-аймактык түзүлүшү тууралуу” Мыйзамына ылайык, ыңгайлуулуктардын белгилүү деңгээлине жетишкен калктуу конуштарга айыл макамын берүү каралган. 
    Бүгүн Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеӊешинин жыйынына жогоруда белгиленген Мыйзамга ылайык Өкмөттүн 2017-жылдын 13-октябрындагы №667 жана 2018-жылдын 26-декабрындагы № 637 токтомдору  менен демилгеленген “Кыргыз Республикасынын Жалал-Абад облусунун айрым калктуу конуштарын айыл категориясына киргизүү жөнүндө” мыйзам долбоору менен 5 калктуу конуштарга жана  “Кыргыз Республикасынын Баткен, Нарын, Ош жана Талас облустарынын айрым калктуу конуштарын айыл категориясына киргизүү жөнүндө” мыйзам долбоору менен 31 калктуу конуштарга айыл макамын ыйгаруу  сунушталып депутаттардын бир добуштан колдоосу менен аталган мыйзам долбоорлору биринчи окууда кабыл алынды.
    Аталган калктуу конуштарда азыркы учурда калк жайгашып, отурукташып калган, тиешелүү денгээлде ыңгайлуулуктарга жетишкен, бирок расмий түрдө айыл макамы ыйгарылган эмес.
   Бул тиешелүү аймактын социалдык-экономикалык өнүгүшү үчүн инвестицияларды тартуу, ар кандай проекттер менен кызматташуу, ички резервдерди, жергиликтүү жамааттын мүмкүнчүлүктөрүн мобилизациялоо маселелеринин активдештирилишине түрткү болот.    Ал айылдардын жашоочуларына өз турак-жайларынын дарегине боюнча катталууга укуктуу болот,мамлекеттик жана муниципалдык кызматтардын  айрым түрлөрүн, мисалы:  үй-бүлөөнүн курамы, малы тууралуу маалымдама алууга ж.б.  айыл аймагынын администртивдик борборуна келбей, жеринен алууга, мүмкүнчүлүктөрү артат. 
    Аталган мыйзам долбоору 3 окууда кабыл алынса 36 калктуу конуш айыл макамына ээ болот. 
 

Жаңылыктар түрмөгүнө кайра баруу
Вверх