Кыргызстан элинин Ассамблеясынын 25 жылдыгы Ош шаарында белгиленди!

Кыргызстан элинин Ассамблеясынын 25 жылдыгы Ош шаарында белгиленди!

2019-жылдын 29-март күнү Ош шаарында Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Жергиликтүү өз алдынча башкаруу иштери жана этностор аралык мамилелер боюнча мамлекеттик агенттигинин колдоосу менен Кыргызстан элинин Ассамблеясынын түзүлгөндүгүнүн (КЭА) 25 жылдыгына карата КЭАнын Ош облустук бөлүмү тарабынан уюштурулган "Кыргыз жараны" жарандык интеграцияны өнүктүрүү- элдин биримдигинин негизи" аттуу илимий-конференция болуп өттү. Конференцияга Агенттиктин директору Салиев Бахтияр Усманович, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Ош облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн аппаратынын бөлүм башчысы, Ош шаарынын вице-мэри, Россия Федерациясынын Ош шаарындагы консулу, облустун казысы, Ош шаарындагы ЖОЖдордун ректорлору, проректорлору, мамлекеттик органдардын Ош облусундагы өкүлдөрү жана этностук топтордун өкүлдөрү катышышты. Куттуктоо сөзгө чыккандар өз ойлорун, КЭАнын 25 жылдык мааракесине каалоолорун айтып, белектерин тапшырышты. КЭАнын Ош облустук бөлүмүнүн курамына кирген этностук топторунун концерттик программалары тартууланды.

Жаңылыктар түрмөгүнө кайра баруу
Вверх