Кыргызстан элинин Ассамблеясынын 25 жылдыгы Каракол шаарында белгиленди!

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Жергиликтүү оз алдынча башкаруу иштери жана этностор аралык мамилелер боюнча мамлекеттик агенттиктин колдоосу менен, Ысык-Көл облусунда Кыргызстан элинин ассамблеясынын 25 жылдыгына карата «Кыргыз жараны» жарандык интеграцияны өнүктүрүү - элдин биримдигинин негизи» аттуу конференция өттү.
Конференциянын катышуучулары Кыргызстан элинин ассамблеясынын 25 жылдык тарыхына токтолушту.
Алардын маалыматына караганда, "1994-жылдын 22-январында улуттук маданий борборлордун демилгеси менен Кыргызстан элинин I курултайында Кыргызстан элинин ассамблеясы (КЭА) болуп түзүлгөн. КЭАнын жогорку органы - КЭАнын кеңешинин курултайы. Кеңеш республиканын мамлекеттик жана коомдук мекемелеринин, улуттук маданий борборлордун өкүлдөрүнөн болуп 65 адамдан турган мүчөсү бар. Аткаруучу органы - Ассамблеянын кеңешинин президиуму 21 адамдан турат.
КЭАнын биринчи төрагасы көрүнүктүү мамлекеттик жана коомдук ишмер С.Б.Бегалиев болгон. Андан кийин төрагалык кызматына И.Н.Токоев, Т.Р.Рахманов, Ж.Т.Туменбаева, Э.С.Каптагаев, Б.М.Мурзубраимов, Т.Б.Мамытовдор эмгектенишкен. Учурда КЭАнын төрагасынын милдетин аткаруучу болуп Зухра Шидакова эмгектенүүдө. КЭАнын негизги максаты улуттар аралык ынтымакты, жарандык тынчтыкты жана коомдук бирдейликти бекемдөө болот. Кыргызстан элинин ассамблеясы, зарыл болгон бир максат менен түптөлгөн - ал өлкөнүн бардык жарандарынын кыргыз жараны экендигин, кыргыз жери алардын жери экендигин так жана ачык таануусу. Бул өлкө - Кыргызстанда жашаган бардык элдердин өкүлдөрүнүн тарыхый жана алардын өлкөсү.
1994-жылдагы Кыргызстан элинин жалпы улуттук 1-курултайы ошол кездин негизги тарыхый иш-чарасы катары Кыргызстан элинин ассамблеясынын гана эмес, жалпы Кыргызстандын эли үчүн чоң тарыхый окуя болуп эсептелет. Кыргызстан элинин 1-курулайын өткөрүп, КЭАны түзүүнүн негизги максаты - өлкөбүздө теңдик, тынчтык жана ынтымактын негизинде жалпы элдик тилектештикти күчөтүү жана кыргыз элинин мамлекеттик башкаруусунда дин аралашпаган демократиялуу мамлекетти куруу үчүн абдан маанилүү максаттуу багыттарды аныктоо болгон".

Конференцияга Агенттиктин статс-катчысы Нурдин Алишеров, Каракол шаарынын мэри Адыл Каниметов, К.Тыныстанов атындагы Ысык-Көл мамлекеттик  университетинин рекораты, мугалимдер жааматы, студенттери, шаардагы орто окуу жайлар жана мекеме уюмдардын өкүлдөрү катышышты.

Жаңылыктар түрмөгүнө кайра баруу
Вверх