Кыргызстан элинин Ассамблеясынын 25 жылдыгына карата Жалал-Абад шаарында конференция өткөрүлдү!

Кыргызстан элинин Ассамблеясынын  25 жылдыгына  карата  Жалал-Абад шаарында конференция өткөрүлдү!

2019-жылдын 26-март күнү Жалал-Абад шаарында Жергиликтүү өз алдынча башкаруу иштери жана этностор аралык мамилелер боюнча мамлекеттик агенттигинин колдоосу менен Кыргызстан элинин Ассамблеясынын түзүлгөндүгүнүн 25 жылдыгына карата Кыргызстан элинин Ассамблеясынын Жалал-Абад облустук бөлүмү тарабынан уюштурулган "Кыргыз жараны" жарандык интеграцияны өнүктүрүү- элдин биримдигинин негизи" аттуу конференция болуп өттү. Конференцияга Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Жалал-Абад облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн аппаратынын, Жалал-Абад шаарынын мэринин орун басары Алтымышев Руслан жана мэриясынын жооптуу кызматкерлери жана Жалал облусундагы жашаган 8 этностук топтордун өкүлдөрү катышып, өз ойлорун сунушташты. Кыргызстан элинин Ассамблеясынын Жалал-Абад облустук бөлүмүнүн курамына кирген этностук топтордун өкүлдөрү иш-чарада өздөрүнүн кол өнөрчүлүк көргөзмөлөрүн, концерттик программаларын тартуулашты. Ушундай конференция 27-мартта Каракол, 28-мартта Баткен шаарында жана 29-мартта Ош шаарында өткөрүлөт.

 

Жаңылыктар түрмөгүнө кайра баруу
Вверх