«Нооруз» майрамына арналган улуттук тамак-аштардын жана кол өнөрчүлүктүн көргөзмөсү өткөрүлдү.

«Нооруз» майрамына арналган улуттук тамак-аштардын жана кол өнөрчүлүктүн көргөзмөсү өткөрүлдү.

Агенттик, Кыргызстан элинин Ассамблеясы менен биргеликте Достук Үйүнүн аянтында Улуттук тамак-аштардын, кол өнөрчүлүктүн көргөзмөсү  жана этностук бирикмелердин катышуусунда майрамдык концерт уюштурулду.

Иш чарага Кыргызстан элинин Ассамблеясынын курамына кирген коомдук этностук бирикмелер жигердүү катышышып, шаар тургунлары жана коноктору үчүн өздөрүнө тиешелүү улуттук өзгөчөлктөрдү тартуулашты.
Нооруз - жаңылануунун символу.   Байыртадан бери  ушул күн  табияттын жаңылануунун  символу болуп, муундардын үзүлбөс байланышын элестете көрсөтүп келе жатат.  Нооруз биздин элибиздин каада-салтын жана маданиятын өзүнүн жаратуу, сулуулук энергиясы менен көрсөтөт. Ар дайым бул майрамды куттуктап жаткан кезде биз коомубуздун мурасталган ахлак-адептүү идеалдарына кайрылабыз. Ушул күнү баарыбыз эски таарынычтарды кечирип, бир бирибиз менен кубанычтуу менен кайрымдулуу болушубуз керек. Ноорузду канчалык ачык-чырайлуу, жылуу жүздүү маанай менен тосуп алсак, ошончолук табият да бизге жоомарт-берешен болот. Баарыбыз үчүн бул элдин биримдигинин, достуктун Улуу Майрамы, чыгыштын жаңы жылынын башталышы. Нооруз бул жаз күнүнүн нурунан өз жерибиздин кайтадан туулушу, бүткүл табияттын ойгонушу. 
Жылдан жылга биздин эң маанилүү байлыгыбызды – тынчтыкты, элдин биримдигин, улуттар аралык макулдуулукту көбөйтүп жатабыз. Илгертеден бери Нооруз күнү ата-бабаларыбыз ушуну ойлонушчу эле – бул жаз майрамыбыздын эң терең мааниси. 

Жаңылыктар түрмөгүнө кайра баруу
Вверх