Агенттикте Эл аралык Эне тил күнү белгиленди!

Агенттикте Эл аралык Эне тил күнү белгиленди!

2019-жылдын 21-февралында, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Жергиликтүү өз алдынча башкаруу иштери жана этностор аралык мамилелер боюнча мамлекеттик агенттиктин жыйындар залында саат Агенттик  менен Кыргызстан элинин Ассамблеясынын биргелешкен Эл аралык эне тил күнүнө арналган “Ала-Тоонун түркүн түстүү гүлүндөй, Ар улуттар биригели бөлүнбөй” деген аталышта иш- чарасы болуп өттү. 
    ЮНЕСКОнун башкы конференциясында 1999-жылдын  17-ноябрында “21-февралды Эне тил күнү” катары  белгилөө чечими кабыл алынган. Ал эми быйыл болсо 2019-жылды ЮНЕСКО “Түпкү элдердин эл аралык жылы”- деп жарыялады.
    Өткөрүлүп жаткан, Эл аралык эне тил күнүнө арналган иш-чараны Агенттиктин директорунун орун басары ЭсенбекТогонбаев ачып жатып: “Агенттиктин аталышы айтып тургандай  ар улуттун өкүлдөрүнүн башын бириктирүү, улут аралык ынтымакты чыңдоо, бири-биринин тарыхына, маданиятына сый-урмат менен мамиле жасоо багытындагы  республикалык деңгээлдеги бир катар иш-чаралар өткөрүлүп турарын, Эл аралык эне тил күнүн майрамдоо жыл сайын белгилөө салтка айланып калганын” айтып өттү.
    Иш-чаранын катышуучулары тарабынан ар улуттун өкүлдөрү өз эне тилинде Эне тилге байланыштуу поэзия кайрыктарын окушту жана интерактивдүү түрдө кызыктуу суроолорго жооп алышты.

Жаңылыктар түрмөгүнө кайра баруу
Вверх