Агенттиктин директору Бахтияр Салиев Эл аралык кызматташуу боюнча Корей агенттигинин жана "Гуд Нейборс Интернешнэл” компаниясынын өкүлдөрү менен жолукту

Агенттиктин директору Бахтияр Салиев Эл аралык кызматташуу боюнча Корей агенттигинин жана "Гуд Нейборс Интернешнэл” компаниясынын өкүлдөрү менен жолукту

12-февралда Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Жергиликтүү өз алдынча башкаруу иштери жана этностор аралык мамилелер боюнча мамлекеттик агенттиктин директору Бахтияр Салиев менен Эл аралык кызматташуу боюнча Корей агенттиги жана ”Гуд Нейборс Интернешнэл” компаниясынын өкүлдөрүнүн ортосунда “Кыргыз Республикасындагы менин айылым” долбоорун ишке ашыруу боюнча  иштиктүү жолугушуу болду.

Жолугушууда Б.Салиев: “Ишке ашырылуучу долбоор илгертеден бери турмуш ырастаган Ашар жолу менен иштөө ыкмасына, биздин элдин салтына туура келген жагдайларга окшоштугун жана Лидердин чакырыгы менен  жалпы иште бардыгы  шайма-шай көтөрүлүп, ынтымакташып бири-бирине жардам беришерин”- өз сөзүндө белгилеп өттү. Долбоор ушул жылдын башталышы менен старт алат, долбоордун максаты – жергиликтүү жамааттардын активдүү катышуусу менен айыл тургундарынын жашоо шарттын жакшыртуу жана келечекте топтолгон тажрыйбаларды Кыргызстанга жайылтуу үчүн 30 айылдын  сынамык  үлгүсүн түзүү болуп саналат.

Агенттиктин өтүнүчү боюнча, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн облустардагы ыйгарым укуктуу өкүлдөрү жана райондук мамлекеттик органдары Баткен, Ош жана Чүй облустарынан 57 айыл боюнча сунуштарын киргизген.

Агенттик  жана   KOICA ортосундагы өз ара түшүнүшүүнүн негизинде кол коюлган Меморандумдун алкагында, сынамык  (пилоттук) айылдарды тандоо боюнча Агенттиктин жана Кыргыз Республикасынын Экономика министрлигинин, Кыргыз Республикасындагы Корея Республикасынын элчилигинин, Эл аралык кызматташуу боюнча Корей агенттигинин жана ”Гуд Нейборс Интернешнэл” компаниясынын өкүлдөрүнөн турган долбоордун координациялоочу Комитети ишти жүргүзөт.        

Жаңылыктар түрмөгүнө кайра баруу
Вверх