Алишер Навои жана Захириддин Мухаммад Бабур аттуу чыгаан ойчул акындарга арналган поэзиялык-адабий кечеси өткөрүлдү

Алишер Навои жана Захириддин Мухаммад Бабур аттуу чыгаан ойчул акындарга арналган поэзиялык-адабий кечеси өткөрүлдү

2019-жылдын 12-февралында Бишкек шаарында Алишер Навои жана Захириддин Мухаммад Бабур аттуу чыгаан ойчул акындарга арналган поэзиялык-адабий кечесин Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Жергиликтүү өз алдынча башкаруу иштери жана этностор аралык мамилелер боюнча мамлекеттик агенттиги "Өзбек улуттук маданий борбору" коомдук бирикмеси, Кыргызстан элинин Ассамблеясы жана Кыргыз Республикасынын Улуттук жазуучулар союзу менен биргеликте уюштуруп өткөрдү.

Кече дипломатиялык корпустун, Өзбекстандан келген коноктордун, Кыргыз Республикасынын Улуттук жазуучулар союзунун, Кыргыз Республикасынын

Өкмөтүнө караштуу Жергиликтүү өз алдынча башкаруу иштери жана этностор аралык мамилелер боюнча мамлекеттик агенттигинин, Кыргыз Республикасынын маданият, маалымат жана туризм министрлигинин жана Кыргызстан элинин Ассамблеясынын курамына кирген этностук коомдук бирикмелердин өкүлдөрүнүн катышуусунда өткөрүлдү.

Поэзиялык-адабий кечеде Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Жергиликтүү өз алдынча башкаруу иштери жана этностор аралык мамилелер боюнча мамлекеттик агенттигинин директору Б.У. Салиев, Кыргыз Республикасынын маданият, маалымат жана туризм министринин орун басары К.О. Иманалиев, Өзбекстандын Кыргызстандагы элчиси К.К. Рашидов, Афганистан Ислам Республикасынын элчиси Мохаммад Исса Месбах, Түркмөнстандын элчиси Шадурды Медеров, Иран Ислам Республикасынын элчилигинин өкүлү, Кыргызстандын жана Өзбекстандын окумуштуулары, жазуучулары, акындары жана Кыргызстан элинин Ассамблеясынын өкүлдөрү сөз сүйлөштү. Кеченин көркөм бөлүгүндө Бабур атындагы мамлекеттик Академиялык өзбектердин музыкалуу драма театрынын артистери “Бобур тугёни” спектаклинен үзүндү тартуулашты. Алишер Навои жана Захириддин Мухаммад Бабур тууралуу тартылган кыска метраждуу фильм көрсөтүлдү.

Кече Кыргызстан менен Өзбекстан элдеринин достугун бекемдөө жана Кыргыз Республикасындагы этностук коомчулукту жакындатуу максатында өткөрүлдү. Кеченин катышуучулары улуу ойчулдар - Алишер Навои менен Захириддин Мухаммад Бабурдун мурастары менен жакындан тааныша алышты.

Жаңылыктар түрмөгүнө кайра баруу
Вверх