Агенттиктин кезектеги Коллегиясы болуп өттү

Агенттиктин кезектеги Коллегиясы болуп өттү

4-февралда Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу жергиликтүү өз алдынча башкаруу иштери жана этностор аралык мамилелер боюнча мамлекеттик агенттигинин 2018-жыл ичинде аткарган иштери жана 2019-жылга карата милдеттери жөнүндө маселени кароо боюнча Агенттиктин коллегиясы Бахтияр Салиевдин төрагалыгы астында  Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн, Финансы министирлигинин, Коомдук кеңештин, Өнүктүрүү саясат институтунун өкүлдөрү жана Агенттиктин кызматкерлеринин катышуусунда болуп өттү.

Коллегияда жергиликтүү өз алдынча башкаруу тармагын өнүктүрүү жана элдин биримдигин бекемдөө багыттарындагы Агенттиктин 2018-жыл ичинде аткарган иштери жана 2019-жылга карата милдеттери жөнүндө каралды.

Кыргыз Республикасында соттук-укуктук реформанын алкагында жазык багытындагы иш чаралары боюнча  жергиликтүү өз  алдынча башкаруу органдарында жүргүзүлүп жаткан иштердин абалы жөнүндө маалымат берилди.

Агенттик жана Жергиликтүү өз алдынча башкаруулардын Союзу, Өнүктүрүү саясат институту менен үч тараптуу түзүлгөн  меморандумдун аткарылышы жөнүндө маалыматта иш-чаралардын жыйынтыгы чыгарылып, 2018-2040-жылдарга Кыргыз Республикасынын Өнүктүрүүнүн Улуттук Стратегиясында көрсөтүлгөндөй жергиликтүү өз алдынча башкаруу жаатындагы жаңы форматта жумуш алып баруу боюнча милдеттер такталды.

Коллегиянын жыйынында Агенттигинин 2019-жылга карата иш-аракеттердин комплекстүү планы бекитилип, Кыргыз Республикасынын Президентинин Региондорду өнүктүрүү жана өлкөнү санариптештирүү жылы деп жарыялоо боюнча Жарлыгындагы милдеттерди аткаруу, 2018-2023 жылдарга Жергиликтүү өз алдынча башкарууну өнүктүрүүнүн программасын жана башка мамлекеттик негизги стратегиялык документтерди ишке ашыруу  боюнча  жергиликтүү өз  алдынча башкаруу органдарына усулдук жардамдарды көрсөтүү боюнча иш-чараларды күчөтүү жагы белгиленди.

Жаңылыктар түрмөгүнө кайра баруу
Вверх