“Жергиликтүү өз алдынча башкаруудагы мыкты тажрыйба” веб-порталын түзүү боюнча жумушчу топ өз ишин баштады

“Жергиликтүү өз алдынча башкаруудагы мыкты тажрыйба” веб-порталын түзүү боюнча жумушчу топ өз ишин баштады

Улуттук өнүктүрүү стратегиясын ишке ашыруу максатында, Кыргыз Республикасынын Президентинин 2019-жылдын 11-январындагы №1 “2019-жылды Региондорду өнүктүрүү жана өлкөнү санариптештирүү жылы деп жарыялоо жөнүндө” Жарлыгын, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн “Биримдик, ишеним, жаратмандык” программасын, 2019-2023- жылдарга карата Жергиликтүү өз алдынча башкарууну өнүктүрүү программасын, ошондой эле жергиликтүү өз алдынча башкаруу чөйрөсүндө заманбап технологияны пайдалануу менен мыкты тажрыйбаны жайылтуу үчүн аянтчаны түзүү,  жергиликтүү маанидеги  маселелерди чечүүдө жергиликтүү жамааттарды тартуу максатында, “Жергиликтүү өз алдынча башкаруудагы мыкты тажрыйба” веб-порталын түзүү боюнча Агенттиктин Координциялык  кеңешинин чечими менен жумушчу топ түзүлгөн.

Жумушчу топ Агенттиктин  директорунун 2019-жылдын 24-январындагы №01-18/06 сандуу буйругу менен бекитилген.  Жумушчу топтун курамына  Агенттиктин кызматкерлери, Өнүктүрүү саясат институтунун директору жана ЖӨБОМГЖ Швейцариянын элчилиги, “БУУнун “Аялдар, тынчтык жана коопсуздук” түзүмү, “Ийгиликтүү аймак” долбоорлору кирет.

Бүгүн 2019-жылдын 31-январында Агенттиктин жыйындар залында кызыктар тараптардын катышуусу менен жумушчу топтун биринчи жыйыны жана семинар болуп өттү. Семинардын жүрүшүндө порталды түзүүнүн максаты максаттуу аудитория жана башкаруунун модели туурасында кызыктуу талкуу жүрдү.  Жумушчу топ милдеттердин тизмегин кайра иштеп чыгууну, кызматтардын жана башка бүтүндөй форматтардын андан аркы планын карады. Ошондой эле жумушчу топ кызыктар тараптардан келип түшкөн бардык сунуштарын карайт.

Жумушчу топтун келерки жыйынында ушундай порталдарды түзүү боюнча эл аралык тажрыйбаны эске алуу менен изилдөө, талдоо жүргүзүү маселелери пландаштырылган. Ошондой эле жумушчу топ тарабынан келип түшкөн бардык сунуштар каралат.

Жаңылыктар түрмөгүнө кайра баруу
Вверх