Агенттиктин статс-катчысы Нурдин Алишеров Түрк дүйнөсү муниципалитеттер бирлигинин жыйынына катышууда

Агенттиктин статс-катчысы Нурдин Алишеров Түрк дүйнөсү муниципалитеттер бирлигинин жыйынына катышууда

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу жергиликтүү өз алдынча башкаруу иштери жана этностор аралык мамилелер боюеча мамлекеттик агенттигинин (АГЕНТТИК) статс-катчысы Нурдин Алишеров 2019-жылдын 23-24-январь күндөрү Стамбул шаарынын Умрание муниципалитетинде Түрк дүйнөсү муниципалитеттер бирлигинин (ТДМБ) директорлор кеӊешинин кезектеги жыйынына катышууда. 
Жыйындын күн тартибинде аталган уюмдун 2018-жылдагы аткарылган иштери боюнча маалымат берилип, уюмдун курамындагы мамлекеттердин сунуштары менен 2019-жылга карата иштердин планы коюлган, анын ичинде Кыргызстандан педагогдор үчүн билим жана тажрыйба алмашууларды уюштуруу жана 8-Эл аралык Алтай жамаатынын симпозиумуна чакыруу жана колдоо өтүнүчү каралды.
2018-жылы ТДМБ уюму тарабынан Кыргызстандын Ысык-Көл облусунун, Ысык-Көл районуна караштуу Булан-Сөгөтту айылында мечит курулуп колдонууга берилген, Агенттиктин этностор аралык мамилелер боюнча коомдук кабылдамаларынын жооптуу катчыларын 10 күндүк тажрыйба алмашуу окуулары ошондой эле Стамбул шаарында Чынгыз Айтматовдун 90 жылдыгына карата иш чара уюштурулду.
Иш чаранын жүрүшүндө Агенттиктин статс-катчысы Нурдин Алишеров  сөз сүйлөп, төмөндөгүлөргө токтолду:
“Өзүңүздөргө маалым болгондой,  2004 –жылдан бери Кыргызстандын шаарлары менен Турциянын 30 шаары кызматташуу боюнча Келишимдерге кол коюшуп, иш алып барылууда.  
Анын алкагында, Кыргыз Республикасынын шаарларынын жетекчилери  Түрк мамлекетинин шаарларынын муниципалдык иш-каналарынын жүргүзүп жаткан иштери жана шаарларды жаңылоо боюнча   иш -аракеттери менен танышып, тажрыйба алмашуулар өткөрүлүп келет. Мындай  эки тараптуу тажрыйба алмашуулар шаарлардын  өнүгүүсүнө түрткү берет деп эсептейбиз” – деп билдирди.
Кыргыз Республикасы 2006-жылдан тартып Түрк дүйнөсү муниципалитеттер биримдигинин  мүчөсү болуп келет. Агенттиктин директору аталган уюмдун директорлор кеӊешинин мүчөсү болуп шайланган.
 

Жаңылыктар түрмөгүнө кайра баруу
Вверх