“Өнүккөн элет жерибиз, көп түрдүү кыргыз элибиз” этномаданий фестивалы болуп өттү!

  “Өнүккөн элет жерибиз, көп түрдүү кыргыз элибиз”  этномаданий фестивалы болуп өттү!

2018-жылдын 24-декабрында Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу жергиликтүү өз алдынча башкаруу иштери жана этностор аралык мамилелер боюнча мамлекеттик агенттиги, Кыргызстан элинин Ассамблеясы  менен биргеликте Т.Сатылганов атындагы Кыргыз улуттук филармониясынын чоң залында Кыргыз Республикасынын Президентинин Жарлыгы менен жарыяланган Региондорду өнүктүрүү жылынын жыйынтыгы менен “Өнүккөн элет жерибиз, көп түрдүү кыргыз элибиз”  аттуу этномаданий фестивалын өткөрдү. Фестиваль көрүүчүлөрдүн көз жоосун алган Кыргызстан элинин Ассамблеясынын этностук коомдук бирикмелеринин көркөм кол өнөрчүлүк көргөзмөсү менен башталып андан соӊ концерт менен коштолду. 
Фестивалдын катышуучуларына Кыргыз Республикасынын Президенти Сооронбай Жээнбековдун куттуктоосун,  Кыргыз Республикасынын Президентинин Аппарат жетекчиси Досалы Эсеналиев, Кыргыз Республикасынын Премьер-министри Мухаммедкалый Абулгазиевдин куттуктоосун Кыргыз Республикасынын Вице-премьер министри Алтынай Өмүрбекова окушту. Андан соң Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу жергиликтүү өз алдынча башкаруу иштери жана этностор аралык мамилелер боюнча мамлекеттик агенттигинин директору Бахтияр Салиев этностук коомдук бирикмелерге ыраазылык кат менен баалу белектерди ыйгарды. 

Жаңылыктар түрмөгүнө кайра баруу
Вверх