Мыкты айыл өкмөттүн базасында тажрыйба алмашуу семинары болуп өттү!

Мыкты айыл өкмөттүн  базасында тажрыйба алмашуу семинары болуп өттү!

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу жергиликтүү өз алдынча башкаруу иштери жана этностор аралык мамилелер боюнча мамлекеттик агенттиги 2018-жылдын 14-декабрь күнү  «2018-жыл, Аймактарды өнүктүрүү жылынын» алкагында “Эӊ мыкты айыл өкмөтү 2017 сынагынын” жеӊүүчүсү болгон Түп районунун Кудургу айыл өкмөтүнүн базасында “Аймактын өнүгүшү-эл биримдигинде” аталышында республикалык семинар-кеӊешме өткөрүлдү.
Аталган семинар-кеӊешмеге Ысык-Көл жана Нарын облусунун айыл өкмөттөрү катышып, Кудургу айыл өкмөтүнүн ийгиликтүү иштерине, социалдык-маданий объектердин ачылышына күбө болуп, өз ара тажрыйба алмашуу иштери жүргүзүлдү.
Семинардын программасында белгиленгендей катышуучулар алгач, айылдагы «Ананай» бала бакчасынын иши менен таанышышты, белгилей кетүүчү жагдай мурдагы мектеп бала-бакча болуп уюштурулган. Ошондой эле катышуучулар айылдагы айыл-чарба азыктарынын көргөзмөсүнө күбө болушуп, айылдык фельдшердик амбулатордук пунктун иши менен таанышышты. Андан тышкары быйыл жаны бүткөрүлгөн спорт-залдын салтанаттуу ачылышына катышышты. Спорт зал 19 млн. сомго бүткөрүлгөн.
Андан соӊ семинардын расмий бөлүгү болуп, семинарда даярдалган баяндамалар окулду. Өз кезегинде Агенттиктин директорунун орун басары Мурат Байдылдаев быйылкы жылда Агенттик тарабынан жасалып жаткан бир катар алгылыктуу иштерге токтолуп айыл өкмөттөрүнүн ишинин жеӊилдеши үчүн иштелип чыккан бир катар ченемдик-укуктук актылар боюнча кеӊири маалымат берди. 
Семинардын жүрүшүндө аталган эки облустагы алгылыктуу иш алып барышкан айыл өкмөт башчылары, анда иштеген кызматкерлери жана айылдык кеӊештин депутаттары жергиликтүү өз алдынча башкарууну өнүктүрүүгө жана элдин биримдигин чыӊдоого кошкон салымдары үчүн Агенттиктин ведомстволук сыйлыктары менен сыйланышты, ошондой эле Кудургу айыл өкмөтүндө жашаган интернационал үй-бүлөөлөргө Агенттик тарабынан белектер берилди. 
Семинардын аягында Кудургу айылдык маданият үйүнүн кызматкерлери тарабынан Кыргыз Эл жазуучусу Чынгыз Айтматовдун 90 жылдыга арналган чакан театрлаштырылган маданий программага күбө болушту.


 

Жаңылыктар түрмөгүнө кайра баруу
Вверх