Ысык-Көл бир катар район, шаар жетекчилерине сөгүш жарыяланды

Облустун аймагында  калктуу конуштарды көрктөндүрүү, бак-дарактардын жана коргоо тилкелеринин аянттарын көбөйтүү, курчап турган айлана-чөйрөнүн абалын жакшыртуу, көлдүн аймагында парк жана пляж тилкелерин, жол жээктерин, токой капчыгайларын санитардык тазалоо боюнча жарыяланган “Ысык-Көлүм-ыйык мурасым” аттуу үч айлыктын алкагында тийиштүү денгээлде иштерди уюштурбагындыгы жана жоопту кызматкерлерге чара көрбөгөндүгү  үчүн Каракол шаарынын биринчи вице-мэри К.Карасартовго, Түп райондук мамлекеттик  администрациясынын башчысынын орун басары Д.Сагынбаевге, Тон райондук мамлекеттик  администрациясынын башчысынын орун басары Н.Төлөнгутовага сөгүш жарыяланды.

Бул тууралуу Ыйгарым укуктуу окулдун басма соз кызматы билдирет.

Мындай чечим Ысык-Көл облусунун жарым жылдыкты караган областтык жыйынында кабыл алынды. 
 
Ыйгарым укуктуу өкүлдүн басма сөз кызматы маалымдагандай, облустун аймагында 2014-жылдын 15-мартынан 15-июнуна чейин “Ысык-Көлүм- ыйык мурасым” аттуу  үч айлык жарыяланып, аталган үч айлыктын алкагында ыйгарым  укуктуу өкүлдүн  алдындагы түзүлгөн  облустук штаб текшерүү иштерин жыйынтыктап, тыянак чыгарышкан. 

Өкмөттүн Ысык-Көл облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Эмилбек Каптагаев “Жарыяланган үч айлыктын алкагында бир топ иштер аткарылды бирок, толук өз максатына жеткен жок. Үч айлык бүттү деп эле санитардык-экологиялык тазалоо иштерин мындан да активдүу колго алуу керек”- деди ыйгарым укуктуу өкүл.    

 

Жаңылыктар түрмөгүнө кайра баруу
Вверх