Айылдарды өнүктүрүүгө багытталган МЕМОРАНДУМГА кол коюлду!

Айылдарды өнүктүрүүгө багытталган МЕМОРАНДУМГА кол коюлду!

31-октябрда 2018-ж..саат 16:3 дө Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Жергиликтүү өз алдынча башкаруу иштери жана этностор аралык мамилелер боюнча мамлекеттик агенттигинде (мындан ары – ЖӨБЭММА.) “ Менин айылым Кыргыз Республикасында”долбоору боюнча Эл аралык кызматташтык боюнча Корея агенттигинин өкүлчүлүгү менен жана ЖӨБЭММА нын ортосундагы МЕМОРАНДУМга кол коюу  болуп өттү.
Долбоордун максаты –  айылдык тургундардын жашоо шарттын жалпы жамааттын катышуусу жана бир катар сынамык(пилоттук) моделдеги айылдардын тажрыйбаларын андан ары жайылтуу. 
Долбоордун милдеттерине:
-Айылдардын катышуусу жана жопкерчиликтүү сезимдеринин мобилизацияланышы жана  айылдык комитеттердин иштерин активизациялоо үчүн лидерлерди окутуу жолу менен потенциалын көтөрүү. Элдердин билим деңгээлин айрыкча айыл жери жана айыл чарба маселелери боюнча жогорулатуу жана өз каалоосу менен катышуусун жетекчиликке алып ишке ашыруу. 
Иш-чаранын жүрушүндө ЖӨБЭММАнын директору Бахтияр Усманович Салиев бегилеп кеткендей, аталган долбоор Кыргыз Республикасынын айылдарынын өнүгүшүнө багытталган. Бул долбоордун алкагында гранттык жардамдын негизде 30 айылга 3,5млн.доллар берүү пландалып жатат.
Узакка созулган сүйлөшүүлөрдүн натыйжасынан кийин келишим боюнча бөлүнгөн жалпы сумманын 54%ы айылдык долбоорлорду колдоо максатында бөлүнөт.
 Долбоордун уактыгы 4 жылга уланат.( 2018-жылдан 2022-жылга чейин.)
 Долбоордун бюджетинин көлөмү 3, 500,000АКШ доллары.
Иш чарага Кыргыз Респубикасынын Президентинин, Өкмөтүнүн Аппаратынын өкүлдөрү жана Корея Республикасынын Кыргызстандагы атайын жана толук ыйгарымдуу элчиси мырза Ха Тэ Ёк катышты.

Жаңылыктар түрмөгүнө кайра баруу
Вверх