Кытай Эл Республикасынын расмий делегациясы Чүй облусунун Ысык-Ата районунун Кен-Булуң айылына барды

Кытай Эл Республикасынын расмий делегациясы Чүй облусунун Ысык-Ата районунун Кен-Булуң айылына барды

2018-жылдын 19-октябрында Кытай Эл Республикасынын Элдик саясий консультативдик кеңешинин төрагасынын орун басары (вице-спикер рангында) Кытай Эл Республикасынын улуттар иштери боюнча мамлекеттик комитетинин төрагасы Батер (Bateer) мырза баштаган расмий делегациянын иш сапарынын алкагында Чүй облусунун Ысык-Ата районунун Кен-Булуң айылына тургундардын жашоосу менен таанышуу максатында барды.

Делегация менен айыл тургундарынын ортосунда жолугушуу болуп,  Х. Мухтаров атындагы музейде Кыргыз Республикасынын социалдык-экономикалык өнүгүүсүнө өз салымын кошкон айылдын көрүнүктүү инсандарынын ишмердүүлүгү менен таанышты. Ленин атындагы орто мектепте коноктор үчүн көп этностуу кыргыз элинин маданиятын чагылдырган концерттик программа, улуу жазуучу Ч.Айтматовдун чыгармаларынын негизинде спектакль көрсөтүлдү. Андан соң жергиликтүү тургундун үйүнө барып, дунган үй-бүлөсүнүн жашоо турмушу менен таанышуу болду.

Жолугушууга Агенттиктин директору Бахтияр Салиев, Жогорку Кеңештин депутаты Абдумажит Юсуров, Ысык-Ата районунун башчысы-аким Калмырза Кожомкулов жана дунган диаспорасынын өкүлдөрү катышты.  

Жаңылыктар түрмөгүнө кайра баруу
Вверх