Агенттиктин директору Бахтияр Салиев Кытай Эл Республикасынан келген расмий делегация менен жолукту

Агенттиктин директору Бахтияр Салиев Кытай Эл Республикасынан келген расмий делегация менен жолукту

2018-жылдын 19-октябрында Кытай Эл Республикасынын Элдик саясий консультативдик кенешинин төрагасынын орун басары (вице-спикер рангында) Кытай Эл Республикасынын улуттар иштери боюнча мамлекеттик комитетинин төрагасы Батер (Bateer) мырза баштаган расмий делегациянын иш сапарынын алкагында Бахтияр Салиев баштаган Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Жергиликтүү өз алдынча башкаруу иштери жана этностор аралык мамилелер боюнча мамлекеттик агенттигинин жетекчилиги менен жолугушуу болду.

Жолугушуу Кыргызстан элинин Ассамблеясынын этностук коомдук бирикмелеринин жетекчилеринин катышуусунда болуп өттү.

Тараптардын жолугушуусунда Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Жергиликтүү өз алдынча башкаруу иштери жана этностор аралык мамилелер боюнча мамлекеттик агенттиги менен Кытай Эл Республикасынын улуттар иштери боюнча мамлекеттик комитетинин ортосунда элдин биримдигин чыңдоо жана этностор аралык мамилелер боюнча тажрыйба алмашуу, мындан аркы кызматташтыкты өнүктүрүүнүн багыттары талкууланды.

Жаңылыктар түрмөгүнө кайра баруу
Вверх