Агенттиктин директору Бахтияр Салиев Ташкентте болуп өткөн эл аралык илимий-практикалык конференцияда доклад окуду.

Агенттиктин директору Бахтияр Салиев Ташкентте болуп өткөн эл аралык илимий-практикалык конференцияда доклад окуду.

2018-жылдын 27-28-сентябрь күндөрү Ташкент шаарында (Өзбекстан) “Жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын үй - бүлөнү бекемдөөдө жана өспүрүм муундарды тарбиялоодогу ролу жөнүндө” деген аталышта эл аралык илимий-практикалык конференция болуп өттү.

Аталган иш-чарага Өзбекстан Республикасынын Министрлер кабинетинин чакыруусу боюнча Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Жергиликтүү өз алдынча башкаруу иштери жана этностор аралык мамилелер боюнча мамлекеттик агенттигинин директору Бахтияр Салиев катышып келди.

Иш-чаранын алкагында конференциянын катышуучулары теманын өзөгүн түзгөн жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын өспүрүм жаш муундарды тарбиялоодогу жана үй-булөнү бекемдөөдөгү ролу жөнүндө сөз сүйлөшүп, үй-бүлө баалуулуктарын сактоо жана бекемдөө, өз алдынча ой жүгүрткөн, демилгелүү жаш муунду тарбиялоо жаатындагы жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын укуктук, уюштуруучулук жана усулдык маселелери боюнча тажрыйба алмашуу болду.

Салиев Бахтияр Усманович аталган конференциянын жүрүшүндө “Жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын үй-бүлө институтун сактоодогу жана жарандык интеграцияны өнүктүрүүдөгү ролу” тууралуу доклад менен чыгып сөз сүйлөдү.

Жаңылыктар түрмөгүнө кайра баруу
Вверх